Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

ПРЕЗИДЕНТ БУШ ЕВРОПАЛЫК ЛИДЕРЛЕР МЕНЕН ФИНАНСЫЛЫК КРИЗИСТИ ТАЛКУУЛАЙТ


Бүгүн кечинде АКШ президенти Жорж Буш Кемп Дэвидде Француз мамлекет башчысы Николя Саркози жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозо менен жолугушмакчы. Жолугушуунун алдында Саркози эларалык финансылык системаны өзгөртүү керектигин дагы бир жолу айтып өттү.

Еврошаркеттин учурдгы төрагасы Франциянын президенти Николя Саркози апта башында дүйнөлүк финансылык системаны кайра карап чыгуу үчүн биримдик АКШ жана башка мамлекеттер менен биргелешип аракет көрүш керек деген.

Жума күнү кечинде болсо президент Буш АКШнын Соода палатасында сөз сүйлөп, анын өлкөсү Европанын маанилүү чараларын колдой турганын айтты:

-Эртең Кемп Дэвидде президент Саркози жана Еврокомиссиянын төрагасы Баррозо менен жолугушууда консултацияларды улантмакчыбыз. Биздин европалык шериктерибиз чечкиндүү кадамдарга барып жатышат. Алар бул проблеманы чогу жөнгө салууга даяр экенидиктерин көргөзүштү. АКШ аларды толугу менен колдойт.

Ошол эле маалда Буш өлкөдө финансылык реформа жаңы президент шайланмайынча жүргүзүлбөй турганын белгиледи.

Президент ошондой эле элди сабырдуулукка чакырды:

-Кээ бир кадамдар таза техникалык чарадай көрүнүшү мүмкүн. Бирок алар Америка элине пайда алып келет. Ошол чаралар үзүр бере баштаганда финансылык рынокто стабилдүүлүүк жана ишеним калыбына келмекчи. Америкалыктар машина сатып алууга, коллеждерде окууга, башка эң керектүү нерселерге кредит ала алышат. Бул кадамдар элибиздин бакубат турмушка кайтуусун, жумушчу орундардын көбөйүшүн, экономиканын өсүшүн тездетмекчи.

Жогоруда айтылгандай мындай билдирүүнү Буш Соода палатасында жасады. Палата эркин рынокко негизделген капитализмдин жактоочсу.

-Америкалыктардын айрымдары өкмөттүн планына ишенбөөчүлүк менен караарын билем, өзгөчө менчик банктардын акцияларын сатып алуу уруксатына. Эркин рынокко ишенген адам катары башка шарттарда мен да буга каршы болот элем. Бирок азыркы кырдаал оңой эмес.

Финансылык институттарга болгон ишеним кечээ ого бетер төмөндөдү. Франциянын Caisse d`Epargne банкы соода кылуудагы күтүлбөгөн жагдайлардан улам, 800 миллион доллар жоготконун маалымдады.

XS
SM
MD
LG