Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:53

Жон МакКейн демократ Барак Обаманы Европадагы социалисттердин лидерлерине окшоштурду

Республикалык партиядан АКШнын президенттигине талапкер Жон МакКейн атаандашы, сенатор-демократ Барак Обаманы Европадагы социалисттердин лидерлерине окшоштурду. Шайлоо алдындагы өнөктүктүн жүрүшүндө МакКейн атаандашы Обама жакырларга акча берүү үчүн бай адамдарга салыкты көбөйтүүнү каалап жатат деп сындады. Сент-Луис шаарында 100 миңден ашуун адамдын алдында сүйлөгөн сөзүндө Барак Обама МакКейндин бул сөздөрүн четке кагып, жылына 250 миң доллардан аз акча тапкан үй-бүлөлөрдүн салыгын азайтуу планын Жон МакКейн бурмалоодо деп билдирди. Акыркы сурамжылоого ылайык, Обама МакКейнден алты пайызга алдыда бара жатат. АКШда президенттик шайлоо 4-ноябрда өтөт.
XS
SM
MD
LG