Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

АКШ ЖАНА ЕВРОБИРИМДИК ДҮЙНӨЛҮК КРИЗИСТИН АРГАСЫН ИЗДӨӨДӨ


АКШ жана Евробиримдик дүйнөлүк финансы кризиси менен күрөшүү үчүн бир катар саммиттерди уюштурууну макулдашты. Бул тууралуу Вашингтондун жанындагы Кэмп-Дэвидде АКШ президенти Жорж Буштун Франциянын президенти Николя Саркози жана Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу менен жолугушуусунан кийин маалым болду.

Экономикалык кризиске арналган алгачкы эл аралык саммит АКШда, 4-ноябрга белгиленген президенттик шайлоодон кийин өтмөкчү.

Евробиримдиктин учурдагы төрагасы, Франциянын президенти Николя Саркози экономикалык кризис бирдиктүү чараларды көрүүгө түртүп жатканын билдирди:

- Биз Европанын атынан улуу Америка элине “жаңы дүйнө, 21-кылымдын дүйнөсүн курууну каалайбыз” деп айтуу үчүн келдик. Биз бул дүйнөнү кура баштагандарга кошулуу үчүн келдик. Бирок биз убактыбызды бош өткөрүп жибергибиз келбейт. Биз Чоң сегиздикке кирген жана Азия өлкөлөрү менен бирге кризистен чыгуунун жолдорун табуу үчүн саммит өткөрүүнү каалайбыз.

Николя Саркози ишемби күнү Канадада Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Бан Ки Муун менен жолугушканда баш катчы дагы кризисти жойуу үчүн чукул чара көрүлүшү керектигин белгилеген.

Саркозинин айтымында, саммит 2-Дүйнөлүк согуштан кийин түптөлгөн финансы системасын кайра курууга мүмкүнчүлүк берет. “Өткөн чактын ыкмаларынан баш тартпасак, бизди азыркы кырдаалга алып келген кризис дагы кайталана бермекчи” деп билдирди Франциянын президенти.

Көпчүлүк европалык лидерлер азыркы кризистин кайталанышын болтурбоо үчүн ири масштабдагы реформалар өткөрүлүшү керек экенин айтышууда.

Президенттик мөөнөтүнүн аяктарына үч ай калган АКШ президенти Жорж Буш сөз тандап, сак болду. Буш Кэмп-Девидде сүйлөгөн сөзүндө, демократиялык капитализмдин негизги принциптери урматталышы керектигин белгиледи:

- Бул кризистин кайталанышын болтурбоо үчүн аракет көрүп жатып, демократиялык капитализмдин принциптерин сактаганыбыз маанилүү. Эркин рыноктор, эркин бизнес жана эркин соода жүргүзүү өңдүү принциптер сакталышы керек. Биз дүйнөдөгү миллиондогон адамдардын жакырчылыктан чыгышына шарт түзүп берген эркин рынокту колдоо саясатыбыздан баш тартпашыбыз керек.

Ушул айда АКШ Конгресси банктардын наркы кеткен акцияларын сатып алуу үчүн 700 миллиард доллар бөлүү планын жактырган.

Сүрөттө: Франциянын президенти Николя Саркози, АКШнын президенти Жорж Буш жана Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу.

XS
SM
MD
LG