Парламенттин отун-энергетика комитети бүгүн “Энергетика жөнүндө”, “Электр кубатын үнөмдөө жөнүндө” мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдү талкуулайт.
Президент Курманбек Бакиев 17-октябрдагы элге кайрылуусунда энергетика тармагынын техникалык абалын жакшыртуу чараларын тездетүү, структуралык кайра түзүүлөрдүн зарылдыгын белгилеген болчу. Парламенттеги СДП фракциясы болсо энергетикалык саясатка каршылыгын билдирип, тармактын ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү талап кылып жатат. Өлкө боюнча электр кубатын элге берүүнү маал-маалы менен токтотуу аркылуу үнөмдөө чаралары уланууда. (BuS)