Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

10:30 2009-жылдын мамлекеттик бюджети тууралуу мыйзам долбоору парламенттин кароосуна келип түштү


Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу комитети эртеңки жыйынында карамакчы. Азырынча келерки жыл үчүн мамлекеттик бюджеттин суммасы ачык айтыла элек. Мындан тышкары комитет мүчөлөрү бир катар келишимдерди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлорун карашат. Алардын ичинде “Талас-Тараз-Суусамыр” кан жолун куруунун 2-фазасын каржылоо боюнча кыргыз өкмөтү менен Ислам Банкынын ортосундагы келишим, ЖККУга мүчө өлкөлөргө аскердик-техникалык жардам берүү боюнча кол коюлган Протоколу жана башка эл аралык келишимдер тууралуу мыйзам долбоору бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG