Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

ЖЫШТЫК БӨЛҮШТҮРҮҮДӨ ЖЫЛЫШ ЖОК


20-октябрда Бишкекте “Жыштыктарда тазалык” аттуу эл аралык конференция өттү. Анда Кыргызстанда телерадиокомпаниялар үчүн жыштыктарды бөлүштүрүү маселеси талкууланды. Конференцияда жыштыктарды бөлүштүрүү үч министрликтин жана бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдардын ортосунда калып, теле жана радиокомпаниялардын өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатканы белгиленди.

“Интерньюс”, Медиа өкүлчүлүк институту жана Радио жана телекөрсөтүү бирикмеси тарабынан уюштурулган конференцияга жергиликтүү телерадиокомпаниялардын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, маданият жана маалымат министри, байланыш боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү катышты. Бийлик өкүлдөрү жыштыктарды бөлүштүрүүдө жана мыйзамдарды өркүндөтүү жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Маселен, маданият жана маалымат министри Султан Раев буларга токтолду:

- Маданият министрлиги Маданият жана маалымат министрлиги болуп түзүлгөнүнө бир жылдан ашык убакыт өттү. Бул убакыттын ичинде биз маалымат тармагын ар тараптуу талдоого алдык. Буга чейин бул тармакты эч ким тейлеген эмес эле. Биз бул багытта иштерди жылдыруу үчүн Маалыматтык кеңеш түзүп, мыйзамдарды өркүндөтүү үстүндө иштей баштадык.

Бул министрликтин адиси Кадырбек Абдраев, ноябрь айынан тарта Кыргызстан санариптик (цифровой) теле берүүлөргө өтө баштаарын жана ал Баткен облусунан башталарын билдирди. Адистин айтымында, санариптик ыкмага өтүү менен Кыргызстандагы бардык телерадиокомпаниялар кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш.

Азыркы мезгилде Кыргызстанда 100дөн ашуу телерадиокомпания катталган, бирок алардын 20дан ашууну гана иштейт. Бир тобу жыштык ала албагандан иштей албай турат. Бийлик өкүлдөрүнүн маалымдоосу боюнча, жыштыктар Бишкек жана Ошто негизинен ээленип бүттү. Ал эми алыскы райондордо, чаканыраак шаарларда иштөөгө көпчүлүк компаниялар кызыкпай жатат.

Бирок бийлик органдарынын жыштык бөлүштүрүү жана мыйзам чыгаруу жаатындагы иштери жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан кескин сынга алынды. Маселен, Радио жана телекөрсөтүү бирикмесинин өкүлү Александр Кулинский телерадиокомпаниялар биригүү аркылуу гана азыркы абалдан чыга алышарын белгиледи:

-Телерадиокомпаниялардын үнү угулса экен дейбиз. Бирок биз бирикмейинче бизди эч ким карабайт. Ошондуктан биригишибиз керек. Ал эми жыштык бөлүштүрүү кандай болуп жатканын белгисиз. Бул жашыруун иш катары жүргүзүлөт. Байланыш боюнча улуттук агенттик кандай иш жүргүзүп жатканы маалым эмес. Алардын маалымат кызматы да жок.

Ушундай эле оюн Кыргызстан юристер бирикмесинин башчысы Шамарал Майчиев да ортого салды:

- Биз дээрлик он жылдан бери мына ушул эле курамда ушул маселени талкуулап келатабыз. Мурунку бийлик тушунда да, азыркы бийлик убагында да жылыш жок. Маселелерди чечүүдө саясий эрк жетишпей келатат. Жыштыктар угармандардын, мамлекеттин же телерадиокомпаниялардын кызыкчылыгында бөлүнүш керекпи дегенди да чече элекпиз. Жыштыктарды бөлүштүрүүдө ачыктык жок. Жаңы мыйзам кабыл алсак да эч нерсе өзгөрбөйт. Системдүү өзгөрүү керек.

АКШдан келген эксперт Томас Несинжер Кошмо Штаттарда жыштык жана лицензия берүүнүн жол-жобосу тууралуу маалымат берди. Бул өлкөдө азыркы учурда 14 миң радио, 1760 телекомпания иштеп жатат. Бул санга киргендер ири деп саналган телерадиокомпаниялар. Жыштыктар коммуникация боюнча федералдык комиссия тарабынан 1934-жылы кабыл алынган мыйзамдын негизинде берилет экен. Жыштык жана лицензиялар телердиокомпаниялардын коомго кызыкчылыгы, ынгайлуулуулугу жана зарылчылдыгына жараша бөлүнөт. Конференциянын катышуучулары эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен маселелерди чечүүнү да белгилешти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG