Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

КЫРГЫЗДЫН ТАЙГАНЧЫЛЫК ЖАНА МҮНҮШКӨРЛҮК ӨНӨРҮ (Сүрөт баян)


18-19-октябрда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында кыргыз элинин унутулуп бараткан ат чаап баратып жамбы атуу, жаа тартуу, тайганчылык жана мүнүшкөрлүк өнөрүн калыбына келтирүү боюнча Эл аралык биринчи фестиваль өткөрүлдү. Ар кандай себептерге байланыштуу Монголия менен Түркмөнстандан чакырылган меймандар фестивалга катышкан жок. Казакстандын аймактарынан жыйырмандан ашуун саяпкер, тайганчы келишти.



Көчмөн элдердин жамбы атуу, жаа тартуу, тайганчылык жана мүнүшкөрлүк өнөрүн калыбына келтирүү боюнча Эл аралык биринчи фестивалга Казакстан менен Кыргызстандын 82 өкүлү катышып, өнөрлөрүн көрсөтүштү.



Кыргыздын асыл тукум тайгандары



Тайгандардын тайманбастыгы, алгырлыгы карышкырга салынып сыналса, күлүктүнүн түлкү менен коендорду кое берип сындан өткөрүштү. Натыйжада Бөкөнбаев айылынын мергени Болотбек Акуновдун 2 тайганы бири күлүктүгү менен экинчиси алгырлыгы менен айырмаланып, карышкыр алып, баш байгенин ээлери болушту.



Эл аралык фестивалда кыз- куумай, тыйын эңмей, жаа тартмай, кунан чабыш, аламан байге ат чабыш мелдештери да өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылды. Мындай байыркы аңчылык өнөр фестивалы ар жыл сайын өткөрүлүп турмай болду.



XS
SM
MD
LG