Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

10:55 Эсеп палатасынын төрагасы кайрадан бекитилет


“Эсеп палатасы” тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу Эсеп палатасынын төрагасы кайрадан дайындалууга тийиш. Мыйзам боюнча ага парламент макулдугун берет. Буга байланыштуу президент Курманбек Бакиев Эсеп палатасынын төрагалыгына сунуштаган Искендер Гаипкуловдун талапкерлигин ЖКнын тиешелүү комитети бүгүн карап, эртең “Ак Жол” фракциясынын кароосуна коюлат. Андан ары пленардык жыйында жалпы депутаттар добуш беришет. Искендер Гаипкулов –Эсеп палатасынын азыркы төрагасы, ЖК мурдагы депутаты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG