Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

“ЫЙМАНДУУ БИЙДЕ ТУУГАН ЖОК, ТУУГАНДУУ БИЙДЕ ЫЙМАН ЖОК”


Оппозициядагы саясатчылар А. Атамбаев, Ө.Текебаев, Т. Сариев, И. Өмүркулов, А. Жекшенкуловдун Маскөөдө жүргөнүн кабарлаган “Аалам” гезити булар экс-президент А. Акаев, Орусиянын чоң саясатчылары жана Боршайкомдун мурдагы төрайымы К. Кабилова менен жолугушарын кабарлады. Гезит ушул эле санында айрым саясатчыларга кайрылып, президенттин калкка кайрылуусу кандай таасир калтырганын сураганда белгилүү саясатчы Бегиш Ааматов: “ Кайрылууну караган да , окуган да жокмун. Себеби эмне айтары белгилүү да. Баарын менчиктештирип, саталы деп айтып жаткандыр. Бардыгын талкалап бүтүштү, эч нерсе калган жок, эми Токтогул ГЭСин талкалап сатып, акчасын алып качып кетсек деп жанталашып жатат, азыр кыргыздын чоңдору талап-тоноп алып, калган өмүрүн Орусияда жашап өткөргөнү кетип жатса, карапайым кишилери кара жанын багуу үчүн кетип жатат, Кыргызстанда кыргыздар жашагысы келбей калгандан кийин башка улуттардан эмне күтүүгө болот?” десе, экономист Айылчы Сарыбаев, “Президенттин инфляциянын өлкөдө болуп жатканын көрүп туруп “экономикабыз өсүп жатат” деп айтышы билимсиздиктин белгиси, экинчи жагынан энергетикалдык кризис өнөржайга, курулушка ж.б. жактарга залакасын тийгизүүдө. Демек ал өлкө бюджетине да зыянын тийгизип жатат. Бакиев баарынан мурда экономикалык кризис курчап турганда дал ушул эки тармакка өзгөчө басым менен мамиле кылып, аны жакшы жолго коюу программасын сунуштаса болмок” деп жооп берди. Гезиттин бул санынан сиздер белгилүү журналист Сүйүн Курманованын акча табам деп барып аянычтуу ажалга туш болгондордун татаал тагдырына арналган “Апамдын сөөгү казактын далаасында калды” деген даректүү баянын да окуйсуздар.

“Ачык саясат” гезити оппозизициячыл саясатчылардын Орусиянын борборуна кетиши тууралуу тараткан маалыматында Клара Кабилова бир гана жогорудагы саясатчылар менен эмес Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков менен да жолугушкусу келгенин, башында мындай жолугушууга макул болгон А. Мадумаров менен И. Исаков аягында айнып кетишкенин билдирип, кыясы көптөн күткөн парламенттик шайлоолордун эмдигиче бол элек жыйынтыгына күбө болот окшойбуз деп жазып чыкты.

Ушул эле гезит “Сен ким мененсиң, замандаш?” аттуу макаласында, гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков иш сапары менен Кыргызстандын булуң-бурчтарын кыдырып жүргөндө бүгүнкү бийликке ичи жылыган адамдардын саны барган сайын азайып баратканын байкаганын, ушул жылдын майында Жалал-Абад дубанына барганда “Жаманбы-жакшыбы биздин кулунубуз. Иштегенге мүмкүндүк бергиле” дегендер четтен табылса, 5-6 айдын ичинде Бакиевдердин бийлиги ал ырсыкысынан да кол жууп калганын, Бишкектин ар кайсыл жерлерине өзүнчө “резиденция” ачып, энергетика, бизнес тармагын президенттин бир уулу көзөмөлдөсө, бир иниси укук коргоо органдарын көзөмөлгө алып турарын, дагы бир иниси Акмат Бакиев Жалал-Абадды жайлап жатканын, облус губернатору чечпеген маселелерди мына ушул иниси чечээрин анын “офисине” кезек күткөндөрдүн санынан эле билсе болорун, президенттикке талапкер убагында: “...үй-бүлөмдүн, туугандарымдын бирөөсүн дагы бийликке жолотпойм” деген Бакиевдин убадасын укпаган кыргыз деле жок болсо керек деп белгилеген автор, бүгүн сузактыктар өзү баш, жалалабадыкктар төш, бүтүндөй түштүк аймагы “гөш” болуп президентти жети атасынан бери ашата сөгүп олтургандыгын, сөккөндө да ачык эле көчөдө сөгүп олтургандыгын, кыргыздын кызарган жерин ака-үкасынын атына жамынып жулуп кетип жатса эл зоока болсо да “солк” этерин, Бакиев бийлиги Кыргызстандын байлыгы менен бийлигин бир колго топтоо боюнча колунан келгендеринин баарын жасап атканын, коррупциянын гүлдөгөнүн, анын уюштурууучулары кимдер экенин чоң киши тургай мектептеги балдарга чейин беш колундай билип калганын баяндады.

Кыргызстанда 2174 диний уюм, 1544 диний миссионерлер каттоодон өткөнүн кабарлаган “Кыргыз туусу” гезити учурда Жогорку Кеңеште “Кыргыз республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу мыйзамдын жаңы долбоору” талкууланып жатканын белгилеп, бул боюнча депутат Ажыбай Калматовго кайрылган. Калматов мырза өз сөзүндө чындап эле Кыргызстандагы диний кырдаал опурталдуу экенин, дин мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирген абалга дуушар болгонун, “Хизб-ут Тахрир, “Акрамия”, “Өзбекстан ислам кыймылы”, “Түркстан ислам кыймылы”, “мунна”, “фалагундар”, “кришна”,”сатанизм” ж.б. диний агымдар жер-жерлерди каптап, ал тургай алыскы Нарын, Кара-Кулжа, Ноокатка чейин жеткенин, кабыл алына турган мыйзам ири алдыда диний экстремизмдин жолуна бөгөт болорун, жеке киши укугу мамлекеттин коопсуздук укугунан артык болбоо керектигин кеп кылды. Ушул эле гезит Кыргызстан салык саясаты боюнча алдыга кеткенин, тектеш элдер менен достук мамилебиз артып жатканын баяндаган макалаларды, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов өңдүү залкарлар тууралуу ой топтомдорду, Казыбек казалчы, Чыңгызхан, Атилла жана гунндар жөнундөгү тарыхый чыгармаларды, кызыктуу баяндарды окурмандарына сунуш кылды.
XS
SM
MD
LG