“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова 5-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Бишкектеги Асанбай шайлоо аймагына байкоо жүргүзгөн. Ал буга чейин аймактык шайлоо комиссиясынын бүтүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, бирок сот анын суроосун канааттандырган эмес. Укук коргоочунун “Азаттыкка” белгилөөсү боюнча Асанбай аймактык шайлоо комиссиясы 5-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки түрдүү Протокол түзгөн. “Биринчиси биздин, байкоочулардын, талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын алдында түзүлүп, бирден көчүрмөсү бизге да берилген. Бирок биз кеткенден кийин шайлоо комиссиясы кайра аны жокко чыгарып, башка дагы бир Протокол түзүптүр. Бирок ал тууралуу бизге эч кандай маалымат берилген эмес,” деген Азиза Абдурасулова натыйжада Асанбай шайлоо аймагы боюнча аймактык шайлоо комиссиясы чыгарган жыйынтык менен БШКнын жыйынтыгы эки ача чыгып аткандыгын билдирди. Укук коргоочу сот аркылуу алгачкы, байкоочулардын катышуусу менен түзүлгөн Протокол таанылуусуна жетишүүнү көздөөдө.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 5-октябрда өтүп, Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү мыйзамга ылайык жүргүзүлгөнүн кабарлаган. Айрым саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдар шайлоо өтө одоно мыйзам бузуулар менен коштолгондугун, шайлоонун жыйынтыгы бийликке ыңгайлаштырылып, мыйзамдан тыш чыгарылгандыгын ырасташууда.(ZKo)