Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

БОЛОТ ШАМШИЕВ: “АЛТЫН МИНБАР”- КАЙРЫМДУУЛУКТУН ФЕСТИВАЛЫ


Татарстандын борбору Казан шаарында мусулман өлкөлөрүнүн “Алтын Минбар” эл аралык кинофестивалы эртең ишин аяктайт. Быйыл төртүнчү ирет өтүп жаткан фестивалдын калыстар тобун көрүнүктүү кыргыз режиссеру Болот Шамшиев жетектеп жатат. Конкурста 24 өлкөдөн тандалып алынган 37 тасма көрсөтүлдү. Алардын катарында кыргызстандык жаш режиссер Наргиза Маматкулованын “Жашагым келет” аттуу фильми да бар. Конкурстан сырткары 21 фильм көргөзүлдү. Эртең жеңүүчүлөргө тогуз сыйлык тапшырылмакчы. Кечээ болсо фестивалдын катышуучулары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти. Ошол иш чаранын алдында “Азаттыктын” Татар-Башкыр кызматынын кабарчысы Гамил Нур түрк дүйнөсүнө таанымал кино ишмерине жолугуп, чакан маек курган.

-Бул иш чара мага абдан жакын. Мен Казанга сөзсүз келишим керек эле. Себеп дегенде мен Чыңгыз Төрөкулович менен элүү жыл жакын жүрдүм. Ал кишини мен агам катары, мугалимим катары сыйлап урматтачумун. Казан, бул жер анын энесинин туулган жери. Акыркы жолу сапарга чыкканда да Чыңгыз Төрөкулович Казанга келип коштошуп кеткен болчу. Ошондой болуп калды. Казандан атактуу жазуучубузду Германиянын Нюрнберг шаарына учак менен алып кетишкен болчу. “Мир” кинотеатрында “Ак кемени” көрсөткөн учурда мага көп адамдар келип жолугушту. Көп телеканалдардын, гезиттердин өкүлдөрү жана жаш өспүрүмдөр менен жолукканда ушул “Алтын Минбар” деген кинофестивалда мен Чыңгыз Төрөкулович жөнүндө чын жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрүмдү айткым келет.

- Сиз “Алтын Минбар” фестивалында калыстар тобун жетектеп жатасыз. Бул фестиваль Сизге кандай таасир калтырууда?

- Менин оюмча, бул абдан керектүү фестиваль. Себеби, бул кайрымдуулуктун фестивалы, элге жардам кылган фестиваль. Акча үчүн өзүнүн абийирин жоготкон көрүнүштөр күчөгөн азыркы заманда “Алтын Минбар” абдан керектүү фестиваль. Казань эң сонун шаар, кандай жакшы үйлөр тургузулуп жатат, элдин абалы жакшы. Татарстандын эли туруктуу тынч турмушта жашап жатат, мен ушуга абдан кубандым.

- Совет заманында улуттук кинолордун өзүнүн жүзү бар эле: “Өзбекфильм”, “Грузияфильм”, “Кыргызфильм”деген. Бүгүнкү күнү кандай жетишкендиктер жана проблемалар бар? Кыргызстанда киноиндустриясы кандай абалда?

- Биздеги эң башкы проблема – каражаттын жоктугу. Биздин өкмөтүбүз каражат бөлүп берерин айтып келатат, бирок сөздөн ишке өтө элек. Балким келерки жылы же 2010-жылы кыргыз киносуна каражат толук берилет деп ишенем. Өзбекстанда жана Казакстанда киного акча аяшпайт, көп берилет, ошондуктан алардын кинолору мыкты чыгып жатат. Казакстанда “Шакендин жулдыздары” жана “Ай-Авразия” деген көрүнүктүү эки фестиваль бар. Менин оюмча “Алтын Минбар” түрк дүйнөсү үчүн абдан маанилүү, абдан керектүү фестиваль болуп жатат. Бул төртүнчү ирет болуп жаткан фестиваль. Дагы бир үч жылдын ичинде бул фестивалдын деңгээли абдан көтөрүлөт. Себеп дегенде “Алтын Минбар” жалаң гана Азия эмес, бүтүн Европага, бүтүн дүйнөгө тарап таанылып жатат.
XS
SM
MD
LG