Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:07

АКШ: Калайык эми мунайды ысырапчыл колдонууга кайтпай тургандай...


Мунай экспорттогон өлкөлөрдүн уюму - ОПЕК 24-октябрь, жума күнү мунай өндүрүүнү азайтуу маселесин талкуулоо үчүн кезексиз жыйын өткөрмөй болду. Мунайдын бир баррели үчүн баа 80 доллардан төмөндөдү. Бул көрүнүш эми мунай арзандаганда АКШнын калайыгынын ортоңку катмарын аны көбүрөк каржылоого түртүшү мүмкүнбү? “Ойл Чэйнж Интернешнл” аттуу эл аралык бейөкмөт уюмдун директору Надин Блок (Nadine Bloch) айым Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Вашингтондогу кабарчысы Эндрю Таллиге маек куруп берип, америкалыктар эми арзандаган мунайды кайрадан өтө эле ашыкча сарптай баштайт деген божомол чындыкка коошпойт деген пикирин айтты.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын кабарчысы Эндрю Таллинин “эгерде күйүүчү майга болгон баа дагы бир канча убакыт арзан бойдон кармалса, америкалыктар аны ашкере колдоно баштабайбы?” деген суроосуна Надин Блоктун жообу мындай болду:

- Мен мындай пикирге кошулбайм. Мунайга болгон баанын жогорулашы кризиске учураган экономика менен түздөн-түз байланыштуу болду. Бул – айлана-чөйрөнү коргогондордун “эгерде мунайдын баасы арзандаса, керектөөчүлөр отун кубаттын ресурсу чексиз эмес экенин унутуп, аны өтө эле коромжу кыла баштайт” деген кооптонуусу. Акыркы алты ай ичинде адамдар мунайды үнөмдөй турган унааларга көбүрөөк өтө баштаганын байкадык. Алар күйүүчү майды үнөмдөө - экономикалык жактан дагы, жаратылыш үчүн дагы жакшы болгонун түшүнүштү. Экинчиден, мунайдын баасы арзандаган күндө дагы, биз дүйнөнү каптаган кризистин ортосундабыз, бул болсо кишилерди отун-кубатты үнөмдөөгө түртөт.

1970-жылдары араб өлкөлөрү мунайды экспорттоого тыюу салганда, америкалыктар күйүүчү майды үнөмдөй турган унааларды арбын колдоно баштаган. Бирок 1990-жылдардан баштап, тескерисинче, күйүүчү майды көп каржылаган унааларга өткөнү белгилүү. “Азаттыктын” “мындай көрүнүш кайрадан кайталанышы мүмкүнбү?” деген суроосуна Блок айым азыркы экономикалык кырдаалды 70-жылдарга салыштырууга болбостугун айтты. Анын оюнча, 30 жылдан кийин климаттын өзгөрүшү өңдүү маселе отун-кубатты үнөмдүү пайдаланууга ого бетер түртүп жатат.

ОПЕК мунайдын баасын кардарларынын чөнтөгүнө төп келбей тургандай ашкере көтөрүп жиберүүнү каалабайт. “Азаттыктын” “эгерде мунай баасы улам арзандай берсе, анда америкалыктар күйүүчү майды салыштырмалуу азыраак колдонгон унаалардан кайра кача башташы мүмкүн деп жоромол кылууга болобу?” деген суроосуна Блок айым кандайдыр бир чукул өзгөрүүлөр байкалбастыгын айтты. “Бирок 70-жылдарга салыштырмалуу учурда мунай тартыштыгы улам арта берээри, мунай өндүрүүнүн туу чокусу артта калганы тууралуу калайык алда канча дурус аңдап калды” дейт Блок.

“Ойл Чэйнж Интернешнл” иликтөө уюмунун жетекчиси Блок айымдын оюнча, америкалыктар экологияны сактоо маселесине европалыктарга салыштырмалуу көп көңүл бурбайт:

- Менимче, экологиялык кесепетти, өзгөчө экономикалык чындыктын маңызын алар түшүнө башташты. Тилекке каршы, биз, америкалыктар, Европа элине салыштырмалуу айлана-чөйрөнү коргоо маселесине көп кызыкпайбыз. Айрым америкалыктар бул маселелерди билишет, бирок көпчүлүгүн жөнөкөй экономикалык проблемалар кызыктырат.

Келээрки жылы 20-январда президент Жорж Буштун өкмөтү биротоло бийликтен кетет. Эгерде анын ордуна республикачыл Жон МакКейн, же демократ Барак Обама келсе, эмне өзгөрөт? Бул суроого Надин Блок айымдын жообу мындай болду:

- Мен үчүн жаңы өкмөттөн, ал республикачыл же демократчыл болооруна карабастан, эмне алаарыбыз азырынча белгисиз. Кимиси келсе дагы отун-кубат (энергетика) саясатын колго алышы керек жана болочокку айлана-чөйрөнү коргоо үчүн көбүрөк күч үрөшү зарыл. Албетте, мен бул эки президенттикке талапкердин ар биринин саясий турумун кылдат байкап, алардын кимиси айлана-чөйрөнү коргоого астейдилирээк мамиле жасаса жана салттык күйүүчү органикалык отун-кубат булагына азыраак ишеним байласа, дал ошол талапкерге добуш берүүгө үндөөр элем. Алардын бул маселеге карата мамилесине кылдат байкоо жүргүзүү азыр өзгөчө олуттуу мааниге ээ.

XS
SM
MD
LG