Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

8:20 Электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү от жагыла баштаганда Бишкекте токтотулушу мүмкүн


Бул маселени кечээ энергетикалык компаниялар менен жолугушуу маалында премьер министр Игорь Чудинов көтөрдү. Премьер министр ошондой эле пайда өндүрүп жатат деп, электр кубатын көзөмөлдөөчүлөргө кине койду. Мындай дооматты ал электр энергиясын үч фазада пайдалангандарды бир фазага өткөрүү жай жүрүп жаткандыгы менен байланыштырды. Өкмөттүн токтомунда бул чаралар 1-августка чейин аяктоо белгиленген. Жыйында Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков үч фазалуу электр өткөргүчтөрдүн 25 пайызы кесиле электигин маалымдады. Балкибеков ошондой эле бөлүштүрүүчү компаниялар электр кубатын пайдаланууга бөлүнгөн чектен ашып жатат деп эскертти. (BuS)

XS
SM
MD
LG