Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:53

11:03 Оппозиция лидерлери Москвадан келишти


Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын маалыматы боюнча, оппозиция лидерлери бүгүн эрте менен Москвадан Бишкекке келип түшүштү. Алардын Москвага сапары тууралуу маалыматты түштөн кийин билдирери кабарланууда. Оппозиция лидерлери Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов жана Иса Өмүркулов жума башынан бери Москвада болушту. Алардын сапарынын максаты тууралуу расмий маалымат берилген эмес. Ошондуктан оппозиция лидерлери Москвада БШКнын мурунку төрайымы Клара Кабилова жана Россиянын расмий өкүлдөрү менен жолугушуулары мүмкүндүгү тууралуу түкшүмөлдөр чыккан эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG