Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

13:16 Жаза өтөө мекемелериндеги окуя боюнча парламент комиссиясы ишин жыйынтыктады


Комиссиянын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундусу бүгүн коммунисттик фракциянын жыйынында каралды. Фракция лидери Исхак Масалиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, комиссия текшерүүнүн жыйынтыгында №16 абакта август айында болгон окуянын келип чыгышына кадрдык катачылыктар, өлүм жазасына өкүм кылынган адамдардын өзүм билемдигине шарт түзүлүшү жана ички коопсуздук кызматынын начар иштеши себеп болгондугун айкындаган. Комиссия президент жана өкмөткө жолдогон сунушунда мурунку юстиция миинстри Марат Кайыпов, анын орун басарлары Сергей Зубов, Бекболот Бекиевге кетирген кемчиликтерине жараша чара көрүүнү сунушталган. Август айында №16 абактагы баш-аламандыкта Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын эки кызматкери каза болгон.(AiT)

XS
SM
MD
LG