Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

17:20 Кеңсеси күлгө айланган Чоң-Aлайдагы Кашка-Суу айыл өкмөтү эски мектепке көчүрүлдү


Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган Чоң-Алай районунун акими Мукаш Каримбеков 20-октябрдан 21ине оогон түнү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесин өрт чалып, натыйжада жыгачтан курулган 240 чарчы метрлүү имарат бүтүндөй күйүп кеткендигин, бактыга жараша тегерегиндеги жашоочулар жабыркабагандыгын белгиледи. Учурда эксперттер кырсыктын себебин жана өлчөмүн аныкташууда. Жергиликтүү талдоочу Асанбек Каракозуев Ош облусунда жыл сайын ондогон мамлекеттик имараттар өрткө чалдыгаарын эске салып, тилекке каршы, ошол кырсыкка себепкерлердин бири дагы эмдигиче жоопкерчиликке тартылбагандыгын маалымдады. (ATo)

XS
SM
MD
LG