Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

17:27 Голливуд киноактеру Марк Дакаскас Чолпон-Атага келди


44 жаштагы Голливуд жылдызы Марк Дакаскасты Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев баштаган өкүлдөр тосуп алды. Киноактер Чолпон-Ата шаарындагы “Чолпон” театрындагы эл менен болгон жолугушууда Ысык-Көлдү картиналардан эле көргөнүн, эми ага өзү келгенден кийин суу муздак болсо дагы көлгө түшөөрүн айтты. Белгилүү актердун күйөрмандары сүрөткө түшүп, кол тамга алышты. Бирок кино көрүүчү зал муздак болгондуктан жолугушуу тез эле аяктады. Гаваяда төрөлгөн Марк Дакаскас ШКУга кирген мамлекеттердин экинчи ирет өтүп аткан Ысык-Көл кинофестивалына ардактуу конок катары чакырылган. (RB)

XS
SM
MD
LG