Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

ЭЛЕКТР КУБАТЫН ӨЧҮРҮҮДӨН КАЛК ЗЫЯН ТАРТУУДА


Айгүл Жунушалиева, Бишкек Жарыктын маал-маалы менен өчүрүлүп жатышы жалпы экономикага гана чыгым алып келбестен, кадимки жашоо-турмушта бир топ ыңгайсыздыктарды жаратууда. Мунун айынан ишкерлердин бизнеси аксап, тиричилик техникасы керектен чыгып... Айтор нааразы болгондор арбын.

Майрам Токоева азык-түлүк сатуучу чакан дүкөнчө ээси. Жарыктын маал-маалы менен өчүрүлүп жатышынан анын иши мурдагыдан кескин начарлай түшкөнүн айтат:

- Биз жалаң азык-түлүк менен соода кылабыз, алардын арасында тез бузулуп кетчү продукция бир топ. Мисалы сүт азыктары, колбаса, салаттарды муздаткычка сактабасаң болбойт да. Анан жарык өчө баштагандан бери азап болду, муздаткыч сааттап иштебей, канчалаган товарды итке берүүгө туура келип атат. Экинчи жагы, азыр эрте эле кеч кирип жатпайбы, жарык жок болсо алуучулар да дүкөнгө көп кирбей калат экен, же касса иштебесе... Айтор чыгымга батып атабыз.

Биздин маектеш өңдүү жарыктын өчүрүлүп жатышынан зыян тартып аткан ишкерлер бир топ. Өзгөчө өнөр-жай ишканалары, кийим тигүүчү цехтер, тез бузулуп кетчү азык-түлүк өндүрүп, алар менен соода кылган фирмалар чыгымга батууда.

Кийим тигүүчү ишкананын ээси Лариса Ким жарыктын өчүрүлүшү инвесторлорду качырып атканын айтат:

- Мындан жеке бизнес дагы, жалпы экономика дагы жабыр тартып атат. Мен эки кийим тигүүчү цех ачуу тууралуу казакстандык ишкерлер менен канчадан бери сүйлөшүп аттым эле. Жарык өчүрүлө баштаганы алар айнып, электр кубаты туруктуу бериле баштаганда келебиз деп коюшту. Ошентип отуруп калдым.

Жарыктын өчүшү ишкерлер гана эмес, жөн жай тургундарды да бир топ бейпайга салды. Электр энергиясынын туруктуу берилбей жатышынан тиричилик техникасы жарактан чыгууда. Шаар тургуну Зулфия буларды айтат:

- Светтин өчүшү графикке дал келбей жатпайбы. Каалаган убакта өчүрө беришет. Мунун азабынан жакшынакай эле иштеп жаткан муздаткычым бузулуп калды.

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу “Вигенс” уюмунун жетекчиси Владимир Плужниктин айтымында, уюмга кайрылган жарактан чыккан техника ээлеринин саны күн санап өсүүдө:

- Ооба, электр энергиянын туруксуз берилишинен муздаткыч, сыналгы өңдүү техникасы бузулуп калгандар бизге көп кайрылып атышат. Бул боюнча алар энергокомпанияларды сотко берип, дээрлик бардык учурда иш жабыркагандардын пайдасына чечилүүдө.

Жарык айрым учурларда ооруканаларда дагы өчүп калып жатат. Жакында эле мындай көрүнүштөн улам, кардиология борборунда кымбат баалуу жабдык иштен чыккан. Бул тууралуу жүрөк хирургиясы илим изилдөө институтунуну жетекчиси Калдарбек Абдраманов “Азаттыка” буларды айтты:

- Жүрөк оорулуулардын диагнозун аныктоочу жабдыктын баасы жыйырма беш миллион сом турат. Жакында эле электр энергиясы эки жолу өчүп, анын айынан жабдыктын электрондук программасы иштен чыгып кеткен экен. Программистер оңдошту, бирок мындай көрүнүш дагы кайталана берсе, анда жабдык такыр эле жарактан чыгат.

Калдарбек мырзанын айтымында, операция учурунда жарык жалп өчкөн учурлар болуп жатат. Андайда механикалык жол менен операцияны бүтүрүүгө туура келүүдө, бирок бул өтө кооптуу. Ошондой эле реанимация бөлүмүндө жаткандарга да кыйын болуп жатат. Ал убакта врачтар оорулуулардын жанына отуруп, керек болсо түнү бою, электр кубаты берилгенче кислород баштыкчасын кармап турууга мажбур.

XS
SM
MD
LG