Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Ооганстанда аба соккусунан 9 жоокер мерт болду


Ооганстандын коргоо министрлиги маалымдаганына караганда, чет өлкөлүк аскерлердин аба соккусунан жергиликтүү тогуз жоокер мерт болуп, үчөө жараат алды. Америкалык контингенттин басма сөз өкүлү Хост чөлкөмүндөгү окуя жөнүндө кабарды тастыктап, бирок анын чоо жайын тактаган жок. Ооган өкмөтү эл аралык күчтөр согуштук аракеттерин ооган армиясы менен жакшылап координациялабайт деп сындап келатат. Натыйжада ушундай кырсыктар орун алууда. Маал-маалы менен ошондой аба соккуларынан жайкын тургундар да жабыркап жүрөт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG