Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Ош: Мугалимдер мектепти таштап кетишүүдө


Ош шаарындагы мектептерди таштап кетип жатышкан мугалимдердин ордун жогорку окуу жайларынын студенттери толуктоодо. Адистер мындай аргасыз кадам билим сапатынын кескин төмөндөшүнө алып келүүдө, деп тынчсызданышууда. Ошол эле убакта мугалимдер мамлекет агартуу тармагына бөтөнчө көңүл бөлбөсө, бул чөйрөдө иштегендерге мурдагыдай социалдык жеңилдиктерди ыйгарбаса, жакынкы жылдарда балдарды окутаарга эжей-агайы жок мектептер чекесинен жабылуусу ыктымалдыгын болжолдошууда.

Ош шаардык агартуу бөлүмүнүнү башчысы Абдивали Балтабаев «Азаттыкка» маалымдашынча, өз арызы менен жумушунан бошогон мугалимдердин катары күн өткөн сайын арбып баратат. Мына, акыркы эки ай аралагында билим журттарында 350дөн ашык эжей-агай кемип олтурат. Маянанын өтө эле төмөндүгү, өкмөт тарабынан жеткиликтүү камкордуктун жоктугу педагогдорду айлыгы жогору башка кесиптерге же соода-сатыкка ооп кетүүгө аргасыз кылууда:

- Мугалимдердин жетишпестиги боюнча проблема бар. Биз бул маселе боюнча ЖОЖдор менен иштейбиз, көбүнчө 4-5 курстун студенттерин алабыз. Ректорлор менен сүйлөшүп, жетишпеген мугалимдерди ошолордун эсебинен аткарып келатабыз. Быйыл да карап көрөбүз. Эгерде жетишпестик чоң боло турган болсо, ошондой эле ЖОЖдор менен иштейбиз, - деген Абдивали Балтабаев кетип жаткан мугалимдердин ордун жогорку окуу жайларынын студенттери менен толуктап турушкандыгын айтып, бирок мындай аргасыз кадам билим сапатынын кескин төмөндөшүнө түртүп жаткандыгына тынчсызданды.

Ош шаарына караштуу Макаренко атындагы орто мектептин мугалими Айнагүлдүн баамында, учурда мектептерде патриот кенсиптештери гана калышты. Бирок акыры бир күн алардын дагы чыдамы түгөнөөрү шексиз:

- Чындыгында патриот мугалимдер калды. Себеби эмгек маянанын аздыгына чыдабаган мугалимдер кетип калды. Азыркы күндө Кыргызстандын, балдардын келечегин ойлогон мугалимдер гана калды деп эсептейм.

Өзүн Жаркынай деп тааныштырган кыз мектепти таштап, Орусияда соода кылуу максатында сапар тартып жаткан кезинде кепке тарттык. Анын ою боюнча, Кыргызстандын башка аймактарындагыдай эле Ош шаарындагы мугалимдерге да мамлекет тарабынан жетиштүү камкордук жок. Ошондуктан, өздөрүнүн жана балдарынын болочогун ойлошуп, көпчүлүгү каражаты көп жумушка ооп кетишүүдө. Өкүнүчтүүсү: билим журттарында жалаң гана пенсия курагындагылар эмгектенишүүдө:

- Үй берип, шарт түзүп бергенге мүмкүнчүлүк жок дешет. Айлык акысын, социалдык абалын караш керек. Азыр андай жок. Ошон үчүн мектептерде жалаң эле пенсия жашындагылар айласыздан иштеп жатат. Азыр кайда акча көп болсо, жаштар ошол жака кетип атат.

Жергиликтүү талдоочу Бакыт Абдыразаков болсо мамлекет агартуу тармагына бөтөнчө көңүл бөлбөсө, бул чөйрөдө иштегендерге мурдагыдай социалдык жеңилдиктер ыйгарылбаса, жакынкы жылдарда балдарды окутаарга эжей-агайы жок мектептер чекесинен жабылуусу ыктымалдыгын боолголойт:

- Республикадагы баардык мектептерди ушундай акыбал күтүп тургандыгы көрүнүп эле турат. Ошол эле мезгилде биздин мугалимдердин билим, иштөө деңгээли, чөйрөсү, турмуш-шарттары бүгүнкү күндө сөзсүз түрдө кооптонууну жаратпай койбойт. Ушуга мамлекеттик деңгээлде атайын көзөмөл жүргүзүп, жакшы иш чараларды кабыл албаса, сөзсүз түрдө билим берүүнүн практикалык кризиси күтүп турат. Бул жакынкы арада, биздин босогобузда болуп калышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG