Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, тергөө тыянагы Эл аралык авиция комитетинин жыйынтыгы иликтенип бүткөндөн кийин белгилүү болот. Эл аралык комитет алгачкы тыянагында кырсыкка адам фактору себепкер деп чыгарган. Кырсыктан кийин экипаждын командири Юрий Гончаров камакка алынган. 24-августта Бишкек-Тегеран багытындагы “Боинг 737” учагы “Манас” аба майданына жакын Жаңы-Жер айылынын жанына кулап түшүп, учактагы 90 кишинин 65и мерт болгон. (BuS)