Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Оппозиция от алып кайттыбы?


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары капысынан Маскөөгө барып кайткан оппозициянын иш сапарынын сырын ачууга кызыккан. Маселен, “Асман press” гезити биринчи эле бетиндеги баш темасын “Оппозиция Орусиядан олжосуз кайтты...” деп атаса, “Аалам” гезити “Оппозиция аз күндө жарылабы?” деп, жаңыдан жарык көрө баштаган “Учур” гезити “Москвада оппозицияны колдогондор” деп маалымат таратса, “Лица” гезити" Оппозиция Маскөөдөн канааттануу менен кайтты” деп кабарлады. Анда ушул макалага токтололу.

Анда минтип жазылган: “Кечээ Маскөөдөн Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов, Иса Өмүркулов кайтып келди. Алар ММКларга маалымат берүүгө шашылбай туралы дегени менен “Лица” гезитинин өз булактары аркылуу алынган кабардан белгилүү болгондой кыргыз саясатчыларынын Кремлдеги сапары ийгиликтүү болгон. Кремлдин өзүндөгү жолугушуулары жана кремлдин админстрациясы үчүн иштеген эксперттер менен сүйлөшүүлөрү жемиштүү аяктаган. Дагы бир белгилей кетчү жагдай оппозициянын иш сапары орус президенти Д. Медведовдин Бишкектеги ырасмий иш сапарынан Маскөөгө кайтып баргандан кийин болуп жаткандыгы менен кызык. Маскөөлүк айрым саясат иликтөөчүлөр Кремлдин нааразылыгын Орусиянын “акула” аталган айрым бир ишкерелери иш кылалы деп Кыргызстанга келсе аларды таарынтып салганы менен түшүндүрүлөрүн айтышкан.

Ошентип кыргыз оппозиционерлери Кремлдин эксперттик коомчулугуна Кыргызстанды мындан ары кандай куруу керектиги тууралуу концепциясын тааныштырган жана ал Маскөөнүн жактыруусуна ээ болгон. Ошондой эле эл оозунан түшпөй келаткан Клара Кабилова менен жолугушуу да оңунан чечилген. Кокус эле жакын арада бирдеме болуп кетпесе Кабилова коомчулукка дагы бир кыйраткыч компромат менен чыкмакчы. Анын кезектеги билдирүүсү азыркы парламенттин таркашы менен бүтөбү же жогорку бийлик тарабынан адаттагыдай эле мурудун балта кеспеген мамиле жасалабы азырынча аны да айтыш кыйын. Ал эми К. Кабилованын бул жолку компраматы жана анын жеке керт башынын коопсуздугу Маскөө тарабынан кепилдикке алынганбы дегенибизге андан кам санабагыла деди деп жооп берди” деп жазып чыкты.

“Жаңырык апта” гезити пайда көрүү үчүн шымалангандар Токтогул суу сактагычынан 1 млрд. 500 млн. киловатт-саат электр энергияны кошумча өндүрүп, аны иштеп чыгуу үчүн 2 млрд. куб сууну агызып жибергенин, ошентип жаңы келген бийлик дал ушул энергетика тармагын былгытып келаткандарды жоопко тартмак тургай кайра аларды бийликтин бийик тепкичтерине көтөргөнүн, бул президент К. Бакиевдин анык жүзүн көрсөткөнүн, үч жыл ичинде Бакиев энергетиканы карап да койбогонун, суу башында олтурган энергобарондор сууну каалагандай агызып, андан чыккан энергияны каалагандай сатып, анын акчасына олтурган креслолорун сатып алуу менен туйтунуп келатканын, бийлик муну билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн болгонуна караганда энергетикадан түшкөн акчаны тең бөлүшкөн өңдөнөрүн” баяндады.

“Аалам” гезити “Бакиев мөөнөтүнөн мурда кетип калса жакшы болмок” деген ат менен А. Бекназаровдун өткөндөгү интервьюсунун уландысын жарыялады. Гезитке мындан тышкары Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбановдун “Акаевдин катачылыгын Бакиев да кайталоодо” деген маектешүүсү басылды. Банкир Улан Сарбанов бүгүн экономикадагы негизги катачылык тышкы жардамдардын натыйжасыз пайдаланылып келатканын, бул жаатта коррупциянын арааны чоң экендигин, мамлекеттин бюджети өсүп атат деген менен анын чыгымы да кошо өсүп атканын, кризис жакындап калганын белгилеп, бир мисалга токтолгон. “Бир эле адамды алалы” дейт ал, “кризис келатканда салып жаткан үйүн токтото турат же ала турган машинасын кийинкиге жылдырат ж.б.д.у.с. Ал эми мен мындай чараларды мамлекеттен көрбөй турам. Биздин чыгымдар азайгандын ордуна кайра өсүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдө инфляция деген 3-4, же ашып кетсе 6-7 пайызга чыгат, а бизде азыр 15-20 пайызга жетти, эгер ал 30 пайызга жетсе кантебиз?” деп айтты.

“Асман press” гезити бийлик куугунтугунан улам Ата Мекенинен алыста жүргөн кыргыз азаматы Урмат Барктабасовдун “Булардын ГЭС эмес кудук казгыдай кебетелери жок” деген интервьюсун окурмандарга сунуш кылды. Урмат мырза азыркы бийликтин кылып жаткандары кыргыз элине жасалып аткан душмандык сыяктуу, кыргыз жерине өч алганы келгендердин кылган кылыктары сыяктуу сезилерин, булар элдин байлыгын бүкүлү бойдон сатып киргенин, ачкөздүк, кошоматчылык, көралбастык кендирибизди кесип келатканын, кеп конституцияда эместигин, эгер кеп ушунда болсо Кыргызстан конституцияларды кабыл алуу боюнча дүйнөдө 1-орунда турмагын, кеп эл башындагы адамдын ыйманында экенин, эгер эл башкарган адамдын дээринде болбосо миң констититуция алсаң да эч жыйынтык чыкпасын кенен кеп кылуу менен бү дүйнөдө ага Алла-Таала менен кыргыздан артык эч ким жоктугун, баарын көрүп, баарын билип турганын, буюрса элге керек болчу нерсени алып барарын, ал убактылуу эмес түбөлүк нерсе болорун айтып маек курду...

Ушул эле санга “Арча” саясый партиясынын башчысы Сазыкбай Турдумалиевдин өткөн сандан баштап жарыялана баштаган интервьюсунун уландысы басылды. Турдумалиев бүгүнкү саясый абалга баа берип, кыргыз баткан сормо саздан Текебаев, Сыдыков, Байболов, Кулов, Сариев, Жекшенкулов, Өмүркулов, Атамбаев, Бекназаров, Жээнбеков, Садыркулов, керек болсо К. Бакиев да чыгара албастыгын, бирок Бакиевге 2010-жылга чейин иштегенге мүмкүндүк берүү керектигин, кечээ жакында президент элине жарытылуу кайрылуу айтпастан Мадумаров менен Келдибековго кызмат берип, ордодогу оюндун 2-бетин ачкан бойдон дарылганганга кете бергенин кеп кылды.
XS
SM
MD
LG