Коммунисттер фракциясынын лидери И.Масалиев энергетика тармагындагы кризистин келип чыгышын иликтөө боюнча социал-демократиялык фракциянын сунушун колдоп чыкты. Ал энергетика тармагындагы абалды катастрофалык деп атап, Бишкекте буга чейин эч качан электр жарыгы өчүрүлбөгөнүн, айылдарда эч кандай эскертүүсүз эле 12-14 саатка жарык берилбей жатканын белгиледи. Исхак Масалиевдин пикиринде, өкмөттү түзгөн “Ак жол” фракциясындагы коллегалардын тармакты тыкыр иликтөөгө эрки жетпеши ыктымал. (AiT)
12:49 И.Масалиев: Энергетика тармагындагы абалды иликтөө үчүн “Ак жол” фракциясынын эрки жетпей калышы ыктымал