Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Бали аралында I Азия оюндары өтүүдө


Бүгүн 24-октябрда кыргызстандык балбандар Индонезия өлкөсүнүн Бали аралында өтүп жаткан жээкте ойнолуучу спорт түрлөрү боюнча I Азия оюндарында күч сынашууларга катышат. 45 өлкөнүн ичинен Индонезия өлкөсү биринчи орунда келатса, казакстандыктар бир алтын байгелүү болушту.

Индонезия өлкөсү Бали аралында жээкте ойнолуучу спорт түрлөрү боюнча I Азия оюндары 18-октябрда башталып, мында спорттун 19 түрү боюнча 45 өлкөнүн өкүлдөрү мөрөй талашууда. Учурда 20 өлкөнүн спортчулары гана байгелүү орундарды ээледи. Биринчи орунду 14 алтын, 5 күмүш жана 12 коло медаль жеңип алууга жетишкен Индонезия өлкөсүнүн командасы ишенимдүү ээлеп турушат. Экиничи катардагы тайланддыктардын 4 алтын, 6 күмүш, 4 коло байгеси бар. Ал эми үчүнчү орунда келаткан Вьетнам өлкөсү 2 алтын, 5 күмүш, 2 коло байгелүү болушту. Спорттук ийгиликтери менен таанылып жүргөн Жапон өлкөсү жетинчи, Түштүк Корея тогузунчу, Кытай эл республикасы 13-орунда турганы жээкте ойнолуучу спорт оюндарына мурда анча маани бербей келишкенин айгинелеп турат.

Учурда Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн Казакстан гана бир алтын медалдын ээси болуп, командалык эсепте Кытайдын алдында 12-орунда келүүдө.

Бул Азиянын алгачкы жээк оюндарына Кыргызстан да расмий чакыруу алып, каражатына жараша 6 спортчусу менен катышууда.

Өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы, Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун телефон аркылуу билдиргенине караганда кыргызстандык балбандар бүгүн 24- октябрда кум үстүндөгү таймашууларда күч сынашат.

-Балиге жээкте ойнолуучу спорттун бардык түрүнөн команда алып бара албашыбыз бештен белгилүү. Биз спорт агенттигине волейбол (2 оюнчу), кум үстүндөгү футбол, бодибидинг, кум үстүндөгү күрөш жана сууда сүзүү түрлөрүнөн спортчуларды иргеп, мыктыларын алып баралы деп сунуш кылганбыз. Алар каражатына карап, күрөш жана сууда сүзүү спортуна токтолгон. Кыргызстандын намысын алгачкы Азия жээк оюндарында коргогону 4 балбан жана 2 суучул Балидеги оюндарга катышууда.

Азиянын алгачкы жээк оюндарында Кыргызстандын намысын бүгүн жана эртең коргой турган спортчулардын ысымдарын күйөрмандарга маалымдап коелу. Алардан кум үстүндөгү күрөшкө грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Данияр Көбөнов, жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло медаль ээси Жанарбек Кенжеев, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Султан Мухтаров менен Асылбек Бөдөшев катышат.

Бүгүн 24- октябрда 65 кг салмакта Султан Мухтаров, 85 кг салмакта Данияр Көбөнов кум үстүндөгү күрөшкө чыгат. Эртең 25-октябрда 75 кг салмакта Асылбек Бөдөшов, 85 кг салмактан жогорку балбандардын таймашуусунда Жанарбек Кенжеев өлкө намысын коргойт.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкуловдун айтымында алар байгелүү орундарды ээлейт деген ишеним бар. Себеби, Данияр Көбөнов менен Жанарбек Кенжеев быйылкы Бээжин олимпиадасына жолдомо албай арманда калып, намыстанып турган учуру. Жаш балбандар Султан Мухтаров менен Асылбек Бөдөшевдин да дымагы күчтүү.

Ал эми сууда сүзүү мелдештери атайын бассейнде өтпөй, кадимки деңизде марафондук жарыш болот. Ошондуктан Азия чемпионаттарында байге алып жүрүшкөн, Бээжин олимпиадасынын катышуучулары Василий Данилов менен Юрий Захаров 25-жана 26- октябрда 5 жана 10 км сууда сүзүү марафондук жарышында өз күчтөрүн сынап көрүшөт.

-Балбандар да, суучулдар да багын сынап көрүшсүн, бул оюндардын өзгөчөлүктөрүн байкап көрөлү дедик. Айрыкча төрт балбандан үмүт чоң. Себеби кум үстүндөгү күч сынашуу грек- рим күрөшүнө абдан окшош экен. Ошондуктан төрт балбан тең байгелүү орундарга жетет деген ишеним бар, - дейт Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов.

Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Данияр Көбөнов Бали аралында кум үстүндөгү күрөштө дагы күчүн, багын сынап көрүүгө бел байлап, дурус даярдык менен барганын “Азаттыкка” билдирген.

Мындан сырткары спорттук байланыштарды да чыңдоо үчүн өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Александр Войнов Балидеги Азия оюндарына күбө болуп, жолугушууларды өткөрүүдө.

Азия аймагындагы спортту өнүктүрүү маселелери, эмдиги жылы Сингапурда өтө турган жаштар арасындагы Азия оюндарынын шарты, программасы да Балиде талкууга алынып, көп көйгөйлөрдү чечүү аракеттери көрүлгөн Азия олимпиадалык кеңешини Конгресси да болууда, дешти улуттук олимпиада комитетинин жетекчилери.

Кум үстүндөгү айрым оюндар эл аралык Ысык-Көл оюндарынын программасына да кирип, мелдештер өткөрүлүп жүрөт. Биринчи Азия оюндары Ысык-Көл жээгинде да спорттун ушул түрлөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө болсо деген тилек.

Сүрөттө: 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Данияр Көбөнов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG