Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:59

Минскиде согуш маалында кыргынга учураган жөөттөрдү эскеришти


Бир жыл мурун беларус мамлекет башчысы Лукашенка антисемиттик сөздөрү үчүн эларалык коомчулуктун нааразылыгына кабылды эле. Быйыл болсо борбор калаада Минскидеги жөөттөрдүн кырылышынын 65 жылдыгы кеңири белгиленди. Оппозициянын лидерлери бул – Европанын акыркы диктатору деген атка конгон адамдын коомчулукка жагуу аракети деп сындашууда.

Бир жылдай илгери Беларус президенти Лукашенка Бабруйск шаары “чочкоканага” айланган, себеби ал жерде “негизинен жөөттөр жашачу” деген сөздөрү менен эларалык чатак жараткан эле.
Азыр болсо Лукашенка таптакыр башкача сүйлөп калды, дешет айрым байкоочулар.

Үстүбүздөгү аптада 3 күн бою Беларустун борбор шаарында Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында орун алган кайгылуу окуялардын бири – Минскидеги жөөт геттосунун жок кылынышын эскерүү чаралары өттү. 20-октябрда Лукашенка телевизордон чыгып сүйлөп, Беларустун нацисстерге каршы күрөшкөндөр алдында “чоң карызы” бар деди.

Европанын булуң-бурчунан 100 миңдей жөөт геттого алынып келип, ошол жерде кыргынга учураган.
Аман калгандардын айрымдары 21-октябрда Минскиге чогулушту. Алар массалык мүрзөгө гүл коюп жатып, көз жашын жашырышкан жок.

Владимир Трахтенберг нацисттер 10 жашар кызды кантип өлтүрүшкөнүн өз көзү менен көргөн:

-Ал чөгөлөп турду, фашисттер желкесине мылтыкты такашты. Ал ыйлаган да жок, балким, ыйлаганга күчү жок болчу. Эки полицай кармап турган энеси да үн чыкпай турду. Билбейм, энесин да өлтүрүштүбү же жокпу. Кенедей балдар акыркы күчүн топтоп, немистер аларды өлгөн деп ойлошсун деп, дем албай жатканын элестетип көрсөңөр.

Беларуста бир кездери 800 миңдин чамасында жөөт жашачу. Алардын арасында белгилүү сүрөтчү Марк Шагал, Изралдин азыркы президенти Шимон Перес бар эле. Перес 1923-жылы Беларустун Литва менен чегарасындагы шаарчада туулган.

Ошол жөөттөрдүн 80 проценти согуш учурунда өлтүрүлгөн. Азыр болсо өлкөдө 50 миңге жакын жөөт калды.

Беларус бийлиги кайгылуу окуянын курмандыктарын эскерүү үчүн ар кандай концерт, Холокост жөнүндө көргөзмө уюштурду.

Оппозициянын лидерлери болсо Лукашенканын демилгеси артында эмне турат деген суроону беришүүдө.

Павел Севяринец “Азаттыкка” айткандай, Беларуста буга чейин Холокостко жетиштүү көңүл бурулчу эмес. Ал эми тыюу салынган Жаштар майданынын мүчөсү Наташа Палажанка жөөттөрдүн эстеликтерин бузуп-кыйраткандар эч качан кармалбай келет, бийликтер андай иштерди көпчүлүк убакытта иликтөөдөн баш тартат дейт.

Бирок бардыгы эле Лукашенаны антисемит деп эсептебейт. Минскиде жашаган канадалык тарыхчы Франклин Шварц бир нече жылдан бери Беларустагы жөөттөрдүн мурастарын изилдеп жүрөт. Анын ырстоосунда, Лукашенка буга чейин геттонун кырылышын эскерүү иш-чараларына катышкан эмес деген кабарлар чындыкка дал келбейт. Президент 2000-жылы ошондой эскерүүгө катышкан,дейт тарыхчы.

-Бул жактагы жөөт коомчулугунун жетекчилери менен сүйлөшсөңөр, алар Лукашенканы антисемит деп сыпатташпайт. Өздөрүн оппозициянын мүчөлөрү деп атаган кээ бир адамдар Ассошейтед Пресске бул – коомчулукка жагуу аракети деп айтканын окудум. Албетте, бул ыңгайлуу реклама, бирок ал башынан эле ошол максатта жасалып жаткан деген ойдон алысмын.

Шварц согуш алдында Беларуста жөөттөр менен башка улуттардын өкүлдөрү, Чыгыш Европанын көпчүлүк өлкөлөрүнөн айырмаланып, чыр-чатаксыз жашап келишкенин айтат.

XS
SM
MD
LG