“Кыргыз руху” гезити “Ала Тоодон алтоо” деген баш макаласын учурдагы саясатчыларга арнады. “Кубатбек Байболов саясат майданынан бизнесин коргош үчүн коркуп чыга качты деп жамантты болгон. Ошол адам кайрадан саясат майданына кайтып келүүдө. Мунун өзү бийликтин алсыраганын, оппозициялык күчтөрдүн оожалып баратканын кабарлайт. Себеби, Байболов тараза ташы оппозицияны көздөй ообосо ага да киришпейт болучу. Ал жыйынтык чыкса да, чыкпаса да саясатта жүрө берип, эптеп эле сын айтып калсам деген жеңил баа саясатчылардан эмес, Кубат Калбекович аралаштыбы, демек оппозиция бирдин ичинен чыгат” деп баалаган.
Топчубек Тургуналиев тууралуу “...деги Тургуналиевди качан эстешет?” деп суроо коюп, кайра ага жооп кылып, Ленин атабыз айткандай “жогоркулар төмөнкүлөрдү мурункудай башкара албай калганда, төмөнкүлөр жогоркуларга баш ийбей калганда” гана Топчуке эске түшөрүн, Топчуке деген бийликтин шиши толгондо аны жара турган инсанга кирерин, ал революциянын кишиси болорун айткан.
2005-жылдын 24-мартынан кийин бийликке Курманбек Бакиевди туура эмес алып келип алган күнөөсүн мойнуна алып, аны “кандай жол менен алып келсем так ошондой жол менен кетирем” деп маселени кабыргасынан коюп чыккан А. Бекназаров ушу тапта Манастын арбагына сыйынып турганын, кыргыз ушинтип Чоң Казатка аттанар алдында айкөлдүн арбагына сыйынарын, “Сынган кылычтагы” Бекназар баатырдай аңды-дөңдү карабай алданып калган Азимбек бул жолу эч кандай абилбийлерди укпай тургандыгын баса белгилөөдө деп кабарлады.
Марат Кайыповго мүнөздөмө берип, бийликтен кайра үмүт кылуу Марат Таштановичке жарашпайт, ал табиятынан эч качан кыйдыланып сактангандардан эмес, оппозициячыл журналистпи же өкмөттүн камчысын чапкан журналистпи, тандабай оюндагысын айтып келген инсан. Кеп эми мындан ары ал Үсөн ака, Асан акаларын сатпаган бир региондун деңгээлинде аракет кылабы же жалпы республикалык деңгээлдеги колдоочуларды тандайбы, маселе ушунусунда десе, Өмүрбек Текебаевге берген баасында А. Бекназаров баштаган радикалдуу оппозиция чоң казатын Таластан баштаганы калса, Ө. Текебаев баштаган топ Маскөөдөн баштаганын, бирок ырасмий Кремль албетте оппозицияны колдобосун, деги эле Орусияга да, Америкага да, Кытайга да, Казакстан менен Өзбекстанга да Кыргызстандын өнүгүп-өсүп кетишинин, ага жакшы жетекчи келишинин кереги жоктугун, алар тескерисинче начар жетекчи туруп, Кыргызстанды туш-туштан талоонго алып, байлыктарын жең ичинен да, сыртынан да тартып алып кетүүгө ыңгайлуу шарт түзүлүшүн каалашарын, андыктан ак жака оппозиционерлер башка мамлекеттин улагасын сагалап баргандан көрө өз элинин колдоосуна ээ болуу жагын ойлонушса жакшы болмоктугун кеп кылды.
“Ачык саясат” гезити да оппозициянын Маскөөгө жасаган сапарына макала арнады. Анда минтип жазылат: “Ажобуз Курманбек Бакиев КМШнын Бишкектеги саммитинде “Ганси” тууралу ачык оюн билдире албай койгону, анан кечээ жакында эле АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучерди кабыл алышы Кремль бийлигинин Кыргызстанга болгон саясатын өзгөрткөн сыяктанат. Такталбаган маалыматтарга таянсак оппозиционерлер В. Путиндин жакын адамдары менен жолугушуп, өздөрүнүн аткара турган иш - аракеттерин орус саясатчылары менен макулдашкан окшойт. Айтор, акыркы кездери Акүйдө жаракалар көбөйсө, оппозицияда алакалар көбөйүүдө. Баса Маскөөдөн кайтышкандар БШКнын мурдагы кожойкеси К. Кабиловага жолукканын ачык айтышпаганы менен, Клара айымдын 2-видеокайрылуусу ушу кезде Кыргызстанда жүргөнү белгилүү болуп каллды. Демек Кабилованын Кыргызстандан чыгып кетишине Орусиянын атайын кызматтары көмөк көрсөткөн деген имиштер чын десек болчудай” деп жазды.
“Жаңы ордо” гезити ушул эле окуяга берген баасында оппозиционерлердин Маскөөгө жасаган сапарын ишенчээк элге таасир этүү үчүн жасаган тактикалык жүрүш катары кабылдаса болорун, Текебаев, Сариевдер буга чейин Вашингтонго чуркап турса, эми дүйнөдөгү тең салмактуулук бузулуп, тараза ташы Орусияга оой баштаганы Маскөөнү көздөй чапкылап калганын, кечээ эле алар Үсөн Сыдыковду “серый кардинал”, “Сыдыков кетсин!” деп жүрүшүп, бүгүн аны “олуттуу адам”, “колориттүү фигура” деп мактап калганын, кыскасы оппозициянын максаты-президент Бакиевди анын жакын кишилеринен ажыратуу, ортолоруна жик салуу жана аларды өздөрүнүн катарына тартуу экендигин кеп кылды.
“Агым” гезитине маек курган ЖК төрагасынын орунбасары Кубанычбек Исабеков “Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы аягына чыкпай келаткан маселелер тууралуу интервью берип, “Кумтөрдү” мамлекеттин карамагына алмайын Кыргызстан пайда көрбөйт деген оюн дагы бир жолу бекемдеп, буга дейре түзүлгөн өкмөттүк комиссия да жакшылап иштей албай келе жатканына токтолду.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ