Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

Кытайдын уну шек туудурууда


Кытайдан келген унда зыянкеч мителер менен уулуу заттардын кошулмасы болуп калышы мүмкүндүгүн адистер билдиришүүдө. Ушу тапта шектүү унда эмне бар экенин текшерип беришин өтүнүп Кыргызстандын айыл жана суу чарба, кайра иштетүү министрлиги Орусиянын тийиштүү кызматтарына кайрылган. Министрликтин өсүмдүктөр карантини кызматынын өкүлдөрү кытайлык унда өтө коркунучтуу кабык курт (копровый жук), ошондой эле меламин болушу мүмкүн деп эсептешет.

Атын атагысы келбеген Өкмөт үйүндөгү кызматкердин ырасташынча, ушу тапта талашка түшүп жаткан ун Кытай өкмөтүнүн Кыргызстанга берген кредитинин эсебинен өткөн жылдан тарта келе баштаган. Карыз акчага келчү 5 миң тонна ундун 1,5 миң тоннасы өткөн жылы алынган.

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, өздүк наркы 22 сомго жете бербеген ал унду социалдык коргоого муктаж үй-бүлөлөргө килосу 15 сом 80 тыйындан сатылган. 5 миң тонна ундун калган 3,5 миң тоннасы Кыргызстанга апрелден тарта ташыла баштаган. Шектүү ундун 116 тоннасы 30-сентябрда Кыргызстанга келип, ал “Кыргызресурстар” мамлекеттик ишканасынын Кара-Балтадагы кампасына жөнөтүлгөн.

Эки вагондо келген 116 тонна унда шек туудурчу жагдайлар биртоп экенин Кыргызстандын айыл, суу чарба, кайра иштетүү министрлигинин азык-түлүктөрдү кайра иштетүү борборунун жетекчиси Жолон Өмкеев мындайча ырастады.

- Ошондон кабык курттун (копровый жуктун) личинкалары табылып жатат. Башкасынан дагы алынды. Андан башка да зыянкечтер бар. Унду буза турган зыянкечтер толтура.

Чүй облустук өсүмдүктөр карантини кызматынын жетекчиси Сапарбек Чымырбаевдин айтуусунда, кийинки келген ундун баары түшүрүлбөй турат.

- Бизге келип түшкөн ундун 16 вагону азыр вагондон түшпөй турат. 7-склад, анан даяр продукция дегенге 2 вагону түшкөн экен. Даяр продукция дегендегисинен анализ алышканда “баарын жей бергич курт” деп эсептелинип жатат. Анын личинкасы бул жакта сакталып турат. Микроскоптон сүрөтүн чыгарып, Москвага жөнөткөнбүз. Москвадан жооп келе элек. Ага чейин унду түшүргөнгө биздин акыбыз жок. 16 вагон азыр турат.

Жолон Өмкеев түшүрүлгөн эки вагондогу унду текшерүүдө анда аркыл кошулмалар көп чыкканын, дегеле ундун буудайдан тартылганы шек туудурчу жагдайлар биртоп экенин ырастады.

- Биздин болжолубуз боюнча бул келген ун буудайдан тартылган эмес. Башкача айтканда, бул гюлатинге порошок түрүндөгү кошулманы аралаштырып ийген ун. Болжол менен бул меламин. Келген ундун баары иликтөө бүткөнчө карантинде турат.

Ж.Өмкеев Москвага жөнөтүлгөн материалдар ырасталып калса ташылып келген ундун баары жок кылынарын кабарлады.

- Кабык курт (копровый жук) деп токтолуп атканыбыз бул Кыргызстанда болгон эмес. Ташылып кирип калган биринчи окуя болуп атат. Кабык куртту ошол жерден эле жок кылганыбыз бизге пайдалуу.

Чүй облустук карантин кызматынын жетекчиси Сапарбек Чымырбаев өкмөт шектүү унда кабык курту бары-жогун лабораториялык жол менен аныктоо үчүн Москвага адисти жөнөтүүнү чечкен менен, азырынча ал аткарыла электигин, ошон үчүн ачык жооп айта алышпастыгын кошумчалады.

24-октябрда Кыргызстандагы Кытайдын элчилиги жөнөтүлгөн ун сапаттуу, зыянсыз экенин Кыргызстан менен Казакстандагы экспертиза аныктаганын белгилеп, кыргыз бийлигинен маалымдоо каражаттарында жарыяланган кабарларды расмий төгүндөөнү талап кылды.

XS
SM
MD
LG