Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Орусия АКШнын санкциясы алакага таасир тийгизет деп эсептейт


Орусия АКШ тарабынан өлкөнүн курал экспорттоо менен алектенген мамлекеттик ишканасына санкция киргизилүүсүнө кыжырданган мамилесин билдирди. Рособоронэкспорт АКШнын Мамлекеттик департаменти Иран, Түндүк Корея жана Сирияга курал-жарак же опурталдуу технологияларды саткан деп шек санаган 13 ишкананын тизмесинде бар. Алар Орусиядан башка Кытай, Венесуэланын ишканалары. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн буга байланыштуу Рособоронэкспортко каршы санкциянын эч укуктук негизи жок экенин жана аталган окуя эки өлкөнүн алакасына таасир тийгизээрин белгиледи. АКШ Иранды өзөктүк бомба жасоону көздөп жатканы үчүн айыптап келүүдө. Иран жана Сирияны АКШ ошондой эле террорду расмий түрдө колдойт деп саналган өлкөлөрдүн тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG