Бул тууралуу бүгүн Түркиянын армиясы билдирди. Маалыматка караганда, алар күрд согушкерлеринин Ирактын түндүгүндөгү турумдарына өткөн аптада жасалган аба соккулары учурунда жок кылынган. Ирактын түндүгүндөгү Кандил тоолоруна Түркиянын аскерий учактары 17-октябрь күнү жортуул жасаган. Күрд согушкерлеринин жетекчилери Түркиянын ишениминде, мына ушул тоолордо жашырынып жүрөт. Күрд жумушчу партиясы же ПКК Түркиянын түштүк –чыгышында автономияга жетишүү үчүн 1984-жылдан бери куралдуу күрөш жүргүзүп келүүдө. Быйыл Түркия алардын чек аранын аркы бетиндеги базаларына абадан бир нече ирээт сокку урду, ага катар жерден да бир ирээт ири операция өткөрдү.