Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

ОПЕКке кирген өлкөлөр мунай өндүрүүнү азайтат


Алар мунай өндүрүүнүн бир күндүк көлөмүн келерки айдан тарта бир жарым миллион баррелге азайтууну бүгүн Венада өткөн чукул жыйынында макулдашты. Соңку эки жыл аралыгында биринчи ирээт кабыл алынган мындай чечим мунай баасынын төмөндөөсүн токтотууга багытталган. Кара майдын бир баррели быйыл июлда 150 долларга чамалап барган эле. Азыр 50%дан ашуунга арзандады. ОПЕК бүгүн ошондой эле уюмга кирбеген Орусия сындуу мунай өндүрүүчү өлкөлөрдү да өндүрүштүн көлөмүн кыскартууга чакырды. Анткен менен уюмдун бүгүнкү жарыясынан кийин деле Нью-Йорктогу биржада баа бир нече долларга төмөндөп, бир баррел 65 долларга бааланды. ОПЕК уюмуна кирген өлкөөлөр күнүнө 29 миллион баррел мунай өндүрөт, бул дүйнөлүк керектөөнүн 40 пайызы.

XS
SM
MD
LG