Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Оппозиция Москва сапарынан эмне тапты?


Өтүп бараткан аптада кыргыз оппозициясынын ишмердүүлүгү коомдук-саясий чөйрөнүн кеңири талкуусуна түштү. Буга оппозициядагы таасирдүү саясатчылар тобунун Орусияга иш сапары таасир этти. Бирок Москвада эки күн болуп кайткан саясатчылар сапардын максаты, жыйынтыктары, жолугушуулардын мазмуну тууралуу ачык маалымат таратышкан жок.

Москвага баргандардын сабында “Акыйкат үчүн” кыймылына мүчө партиялардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев, мурдагы депутат Темир Сариев, Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Иса Өмүркулов жана мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов болушту. Сапардын жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат таратпай кое туруу чечимине келишкендигин оппозициячылардын дээрлик ар бири маалымат каражаттарына берген интервьюларында айтып чыгышты.

“Азаттыкка” берген интервьюсунда, маселен, Аликбек Жекшенкулов иш сапар тууралуу кеңири маалымат бербөөнүн себебин мындайча түшүндүрдү:

- Өзүңөргө белгилүү болгондой, былтыр апрель айында “Бириккен фронттун” өкүлдөрү Москвага барып, Орусиянын вице-премьерлерине барып жолугушуп келгенде массалык маалымат каражаттарында ар кандай маалыматтар чыгып кеткен. Ошондон кийин Москвадагы бийлик өкүлдөрү абдан нааразы болушкан. Ошондуктан биз ойлоп жатабыз, Москвадагы жолугушуубуз тууралуу азырынча ачык-айкын чыгарбай туралык деп. Негизинен биздин Москвадагы сапарыбыз жемиштүү болду. Саясий-коомдук ишмерлер, эксперттер менен жолугуштук. Анан бул Москвадагы сапарыбыздан кийин Кыргызстанда чоң бир нерсе өзгөрүп кетет деп күтүүгө болбойт. Дагы бир катар иш сапарларыбыз болот.

Ушундай маанайда Москвадан кайткан оппозиция лидерлери мурдагы президент Аскар Акаев менен жолукпагандыгын жана бул алардын сапарынын күн тартибине кирбегендигин тастыкташты. Ошол эле мезгилде алар БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабиловага жолуккан-жолукпагандыгын бүдөмүк бойдон калтырышты.

Кандай болгон шартта да таасирдүү оппозициячылардын үйүр тобу менен Москвада болуп келиши Кыргызстандын өзүндө ар кандай жоромолдорду жаратты. Маселен, саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстанды КМШ мамлекет башчылары моралдык да, экономикалык да жактан колдоп турган бүгүнкү учурда кыргыз оппозициясы ал жерде кандайдыр бир утуш алды дегенге дегеле ишенбейт. Талдоочунун көз карашында, оппозиция бир болсо өзүнө көңүл бурдуруу үчүн гана ушул сапарды ойлоп табышы мүмкүн.

Ал эми “Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев ар кандай саясий окуялардын алдында таасирдүү чоң мамлекеттерге каттоо Кыргызстандын оппозициясы үчүн башынан эле боло келген көрүнүш дейт. Анын пикиринде, азыркы оппозиция бул ирет Москвага сапарын келерки саясий күрөштүн кызыкчылыгына пайдаланышы мүмкүн. Бирок “Туран” партиясынын лидери Сарпашев Кыргызстандын ички маселелерин чет жактарда чечүү аракеттерин колдобойт. Тышкы таасирдүү күчтөр акырындык менен экономикалык кызыкчылыкка, геосаясий кызыкчылыкка, башка мамлекеттер менен алакаларга таасирин күчөтүшү мүмкүн, ошондуктан бардык саясий маселелер Кыргызстандын ичинде гана чечилиши керек, дейт саясатчы.

Оппозициялык дагы бир кыймыл “Бирдиктүү Кыргызстандын” мүчөсү Токтайым Үмөталиева “Акыйкат үчүн” кыймылынын аракеттерин колдойт:

- Өз алдынча күч катары түптөлүүгө, башка мамлекет менен алака түзүүгө аракет кылып аткандарды колдош гана керек. Обама деле Москвага келип кетип атпайбы. Президент боло элек жатып бул эми Германияга да барат. Мен андан ары Евробиримдикке, Еврокомиссияга чейин барышын да колдойт элем.

Токтайым Үмөталиеванын баамында, 24-марттан кийин келген жаңы бийликтин ичинде дипломатиялык алака түзгөндү билбеген жетекчилер отурушат. Булар Кыргызстандын тышкы саясатына көлөкө түшүрүп жатканы да анык. Ушундайларга жол бербеш үчүн оппозиция дипломатиялык мамилелерге азыртан үйрөнүшү керек.

Ушинтип Москва сапары талкууга түшүп турган чакта оппозиция жакында кеңейтилген коалиция түзүү тууралуу меморандум кабыл алынарын, Конституциянын жаңы долбоору менен Кыргызстанды өнүктүрүү концепциясынын долбоорун коомчулукка алып чыгарын жарыялады. Москва сапарынан кийинки мындай билдирүүнүн артында кандай аракеттер бар экендигин, ал качан, кандай тартипте ишке ашарын өтүп бараткан аптада оппозиция ачыктаган жок. Белгилүү жагы – буга чейин “Акыйкат үчүн” кыймылына парламентте фракциясы бар Социал-демократтар партиясы кошулганын жарыялаган. Учурда “Акыйкат үчүн” “Бирдиктүү Кыргызстан”, Элдик революциялык кыймылдар, “Жаңы Кыргызстан” партиясы өңдүү оппозициялык күчтөрдүн, жарандык коомдордун, саясатчылардын, коомдук ишмерлердин ортосунда кеп-кеңеш жүрүп жатат. Токтайым Үмөталиеванын билдиргенине караганда, саясий күчтөр ортосунда үч-төрт жолугушуу болду. Анда алыскы, жакынкы милдеттер, кызматташуу багыттары боюнча макулдашуу долбоору түзүлдү. Ал меморандум түрүндө болобу же жалпы хартия болобу - али аныктала элек.

Ошол эле мезгилде оппозициялык күчтөр тил табышып, кызматташып кетеринен күмөн санагандар да аз болгон жери жок. Саясий лидерлер өздөрү болсо пикир келишпестикке караганда, жалпылыктар көп деп коомчулукту ынандырууда.

Маселен, мындай көз карашын революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров жакында билдирген болчу:

- Тилектешпиз. Ой-максатыбыз бир. Болгон айырмачылык кичинекей гана жерде. Булар адегенде Жогорку Кеңешти кулатып турбайлыбы, өкмөттү кетирип турбайлыбы, Бакиевге тийбей турбайлыбы деген кичине жерде гана айырмабыз болуп атат.

Саясий партиялардын арасында активдүү оппозицияга жан тартып, бирок аларга “ичи чыкпай” тургандар да бар. Алардын бири, “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйындарынын биринде оппозициялык күчтөргө кошулбай турганынын себебин минтип түшүндүргөн эле:

- Биз радикалдуу оппозиция менен кызматташканга макулбуз. Чочулаган жерибиз – ошол радикалдуу оппозициянын өзүнөн чыгып сатып, кызматка өтүп кеткенинен коркуп атабыз. Андайлар дагы эле бар. Биз аларга кошулуп кеткенди али эрте деп эсептейбиз.

Оппозициянын бир максатка биригээрине бийликке ыктагандар реалдуу ишке ашыруу мүмкүн болбогон кыял катары карап, ага оппозициянын ынтымагынын, эл ичинде кадырынын, саясатчылардын бийликке жетүүдөн башка каалоосу жоктугу өңдүү негиздерди келтиришүүдө.

Мындай көз карашы менен саясат таануучу Жолборс Жоробеков бөлүштү:

- Ошол эле БШК төрайымынын, Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаковдун кетишин улуттук деңгээлдеги чатакка айландырабыз деди эле. Мындан да эчтеке чыккан жок. Албетте, 2010-жылга (президенттик шайлоого) даярдануу керек. Бирок алды менен элди ишендирүү керек. Бирок элди ишендирүүгө азыркы оппозицияга кыйын болуп калды го...

Мурдагы ыңкылапчылардан кайра куралган элдик революциялык кыймылдын лидерлердин бири Топчубек Тургуналиев тескерисинче, эл оппозициядан эмес, азыркы бийликтен көңүлү кайт болду дейт. Анын көз карашында, 24-марттан кийинки кезден айырмаланып, азыр элдин сексен пайызы бийликке ишенбей калды. Ошондуктан, оппозициянын артынан жок эле дегенде 50 миң киши кетерине саясатчы ишенет.

Ал эми коомдук ишмер Жылдыз Жолдошева азыркы оппозиция элди курал катары пайдаланып таштап коерун “Бириккен фронт” уюштурган апрель митинги далилдеп койду дейт. Ошондуктан ал элдин көңүлүн кайт кылган оппозициянын артынан элдин 10 пайызы ээрчийт десе да ишенбейт.

Ошол эле мезгилде көз карандысыз саясатчылардын кыйласы оппозицияны ээрчий турган эл барын, маселенин баары оппозиция бир лидерди тандай албай, ит жыгылыш болуп келатканында деп айтып жүрүшөт. Эл оппозициянын артынан ээрчий турганын бөркүндөй көргөн саясатчылардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султан Урманаев:

- Бүгүн элдин баары эле оппозициячы болуп кеткенби деп ойлоп атам. Бүгүнкү оппозиция ошонусу менен күчтүүбү дейм. Себеби, алардын мүдөөсүн чагылдырып атпайбы. Башка маселе: булар жалпы элге чыгыша элек. Элге чыкчу кез келгенде алар зор колдоого ээ болот.

Урманаев азыркы оппозициялык саясатчылардагы өксүк жеке кызыкчылыктарга жетеленип, бийликке алдырып коюп жатканында дейт.

Оппозиция өз алдынча чапкыланып, президенттик шайлоо жакындаган сайын максаттарын ишке ашыруунун аргасын издеп жатканы менен расмий бийлик буга маани бербегендей түр көрсөтүүдө. Президент Курманбек Бакиев өзү болсо коомчулуктун алдында сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде оппозицияны кызмат орундарын алууга гана ынтызар күчтөр катары сындаганы бар. Ошол эле мезгилде айрым саясатчылар оппозициянын сөзү сөз бойдон калбай, бирдиктүү аракеттенүүгө бет алса, бийлик эсептешпей кое албай тургандыгын айтышууда.

Мындай көз карашын “Азаттык” менен бөлүшкөндөрдүн бири мурдагы парламент депутаты Тайырбек Сарпашев болду:

- Кыска убакыттын ичинде оппозиция биригип кетиши да мүмкүн. Расмий бийлик да мындайда жөн жатпайт. Сүйлөшүүгө барганга, компромисс тапканга аракеттерди жасайт

Бул аралыкта орусиялык талдоочу Александр Князев кыргыз саясатчыларынын Москвага сапары АКШ сыяктуу эле Орусия үчүн деле кадырэсе көрүнүш деп, ал Кыргызстандын ички саясий турмушуна таасир этээрине ишеним арткан жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG