Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

14:50 Москва өкмөтү Бишкектеги мурдагы “Айпери” турмуш-тиричилик үйүн сатып алууга ниеттенүүдө


Бул туурасында “Азатыкка” Замандаш-пресстин баш кабарчысы Нурзат Усебаев билдирди. Анын айтуусунда, Москва шаарынын тышкы экономикалык байланыштар департаментинин орун басары Борис Силаев "Айпери” абдан ыңгайлуу жерде, шаардын борборунда жана Кыргыз Республикасындагы Россиянын элчилигине жакын жайгашкандыгын, ал жерге ачууга пландалып жаткан “Москва үйүнөн” тышкары ресторан, кинозал, жайгаштырса болорун белгилеген. "Учурда Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын кожоюну менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыр имараттын баасы боюнча анын кожоюну ойлонуп жатат. Бирок кожоюндун ким экендиги бизге маалым эмес. Ал туурасында биле да албай койдук”,- деп кошумчалады Нурзат Усебаев. Замандаш-пресстин билдирүүсүндө, “Айпери” турмуш-тиричилик үйү 10 жылдан бери кароосуз, бош турат.(AzK)

XS
SM
MD
LG