Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 11:30

18:35 Ысык-Көл областынын аймагына дабаатчылардын келишине губернатор тыюу салды


Ысык-Көл облусунун аймагына даабатчыларды киргизбөө үчүн губернатордун атайын буйругу чыкканын маалымдаган ички иштер башкармасы Эркин Эсеналиев бул диний-экстремисттик топторду көзөмөлдөө үчүн болгон кадам деп түшүндүрдү. Ысык-Көл райондук администрациясында өткөрүлгөн бул жыйында үч милиция кызматкери «Хизб-ут Тахрир» уюмуна өтүп кеткенин жана уюшкан кылмышка тиешеси бар 27 адам кармалганы ачыкталды. Чогулган акскалдар өлкөдө идеологиянын жоктугу жана ага мамлекеттик катчы милдеттүү экенин белгилешти. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармасынын начальниги Эркин Эсеналиев кылмышкерлерди жеткиликтүү жазага тартуу үчүн эми Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланып атканын билдирди. (RB)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG