Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:16

10:44 Жаңы салык кодексиндеги өзгөртүүлөр ишкерчиликти көмүскөдөн чыгарууга түрткү болот


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Инвестициялык тегерек стол” уюмунун жетекчиси Рафкат Хасанов билдирди. Анын пикиринде, жаңы салык кодексине көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилген. Кошумча нарк салыгы 12% чейин, киреше салыгы, пайдадан түшчү салыктар 10% түштү. Жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү салыктар катышы мурда 5 – 10% болсо, эми 4 – 6 пайызды түздү. Дагы бир жаңылык, кодексте кыймылсыз мүлк салыгы каралган жана бардык салык төлөөчүлөр мүлкү менен кирешесин жыл сайын ачыкка чыгарып туруусу зарыл. Р.Хасановдун айтымында, ушундай өзгөртүүлөр көмүскөдөгү ишкерлердин бир даарын ачыкка чыгарууга шарт түзөт.
Жаңы салык кодекси эмдиги жылдан тарта ишке кирет.(AiJu)

XS
SM
MD
LG