Бир жума мурун Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан суу-энергетика жаатында төрт тараптуу келишимге кол койгон. Ага ылайык 2009-жылдын биринчи айы үчүн Өзбекстан дагы кошумча 150 млн. куб метр газ берүүгө, Казакстан Бишкек ТЭЦине мазут менен көмүрдү убагында жеткирип турууга милдеттендирилди. Адистердин айтуусунда, Өзбекстандан алынуучу жаратылыш газы менен Казакстандан алынуучу мазут негизинен Бишкек, Ош шаарларынын керектөөсү үчүн, Бишкек, Ош ТЭЦтерин иштетүү үчүн керектелет. Ушундан улам кышка даярдык маселеси борбор калаада гана чечилип, башка облустарда бул маселе абада асылган бойдон эле калабы, деген суроо туулат. Алсак, көмүр маселеси да борбор калаада бир аз жолго коюлуп, Казакстандан апкелинген көмүр 2,5 миң сомдон сатылып жатат. Ал эми облустарда, өзгөчө алыскы облустарда көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон кем эмес. Быйыл кыш өткөн жылдагыдай катаал болору болжолдонуп жаткан учурда элеттиктер кыштан чыгуунун айласын таппай отурушат.
Биздин маектешибиз Света Жетимишбаева Чүйдүн Сокулук районунда жашайт. Анын айтуусунда көмүрдү Бишкектен арзан баада тонналап эмес, каптап сатып алууга кудурети жеткени менен, баары бир электр энергиясынын жардамысыз кыштан чыгууга мүмкүнчүлүгү жок:
-Ошол кап менен алып аткан көмүрдү дагы үнөмдөйлү деп, электр жылыткычтарын колдонууга аргасызбыз. Эми минтип кышы менен электр энергиясы үзүлө бере турган болсо, мага окшоп кыйналып жашагандар кантерибизди билбей турабыз.
Жалал-Абадда көмүрдүн тоннасы 5 миң сом. Акыркы күндөрү жаан жаап, сууктун катуулашы менен баа дагы көтөрүлдү. Базар-Коргон районунун тургуну Узакбай Маматкулов карапайым эл быйылкы кышта башка салганын көрүүдөн башка аргасы калбады, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:
-Бир үй-бүлөгө кыштан чыгуу үчүн кеминде 2-3 тонна көмүр керек. Бул деген 15 миң сом. Мына ушул акчаны табуу да бардык эле үй-бүлөлөргө оңой эмес да.
“Электр станциялары” АКнын маалыматы боюнча электр энергиясын колдонуу үчүн облустарга бөлүнүп берилген чек жетишсиз болуп, айрым аймактарда электрди колдонуу маал-маалы менен өчүрүүгө карабай, ашыкча сарпталып жатат. Буга негиздеген мамлекеттик ишкана айрым аймактарда электр энергиясын берүүнү чектөө жаңы жылга чейин улантыларын кабарлоодо. Алсак Чүй облусунун Чүй району ноябрь айында 147 миң кВт. саат гана электр кубатын колдонууга тийиш. Ал эми декабрь айы үчүн 191 миң кВт. саат электр энергиясы бөлүнүүдө. Энергетиктердин өздөрүнүн айтуусунда бул демек – кышында да электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү мүмкүнчүлүгү жок, дегенди түшүндүрөт. Ушундай эле абал өлкөнүн башка облустарында да бар.
Ушул тапта Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 9,5 млрд куб метрди түзөт. Суу сактагычтагы суунун аздыгы же энергетикалык кризистин болушу күндүн кургакчылдыгынан же кыштын катаалдыгынан эмес, бул тармакты колго алып алган бир ууч “мафиоздордун” иши болуп жаткандыгын белгилеген ЖК депутаты, социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов өлкөнү бийлеп турган бир катар адамдар элдин кызыкчылыгынан өздөрүнүн кызыкчылыгын бийик коюп жатышат, деп эсептейт:
-Тилекке каршы ошол тармакта “энергомафиянын –энергокожоюндарынын” саясаты үстөмдүк кылып жатат. Буга биздин өкмөт дагы, алардын фракциясы дагы көз каранды. Ушундан улам бул тармактагы маселелер чечилгендин ордуна күчөгөндөн күчөп жатат.
Бакыт Бешимов өткөн бейшембиде суу-энергетика тармагынын ишин иликтөөгө алган депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, бирок анын демилгеси “Ак жол” партиясынын депутаттары тарабынан четке кагылган.