Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган декада жыйынтыкталды


Учурда Бишкекте Кыргыз эл жазуучусу, маркум Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналган бир канча эл аралык маданий иш-чаралар өтүүдө. Экинчи Ысык-Көл кинофестивалы, “Диалог-ЕвроАзия” платформасына, ТүркСОЙго кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу, Эл аралык “Арт-Ордо” театралдык фестивалы, “Айтматов жана бүгүнкү доор” аттуу эл аралык форум, кыргыз-казак интеллигенциясынын жолугушуусу жана башка иш чаралар. 26-октябрда Улуттук филармонияда Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды камтыган декада жыйынтыкталды.

Кыргыз эл жазуучусу, чыгармалары 60 миллиондон ашык нуска менен дүйнөнүн 177 тилине которулган улуу ойчул жана гумманист Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналган маданий иш-чаралар жыл башынан эле башталган болчу. Кыргыз илимдер академиясында жыл башында кыргыз интеллигенциясы менен болгон жолугушууда маркум улуу жазуучу чыгармачылыгы тууралуу минтип чечилип сүйлөгөн эле:

- Чын сырымды айтсам, дагы да жазып жатам. Бул эмгегим жалаң кыргыз элимдин бүгүнкү турмушуна арналып жазылып жатат.

Жолугушууда Чыңгыз Айтматов залдагылардын “чыгармачылыгыңыздын башатын, талантыңызды кимден деп билесиз?” - деген суроосуна төмөнкүдөй жооп кайтарган:

- Атам Айтмат, атамдын иниси Биримкул акын болушкан экен. Эми ошол айыл чөлкөмүндө. Ал экөө айтышканда, көчкөнгө даярдап чечип аткан боз үй да унутта калган экен. Ушундай бир жомок бар. Ал эми нактай көрүп-билгеним менин чоң энем Айымкан. Ал жомокчу эле.

Айтматовдун пикиринде, тарыхтын жаманы болбойт. Тарых – чындык, ал эртеңки өсүп-өнүгүүлөрдү шарттап турат. Мына ошол коомдук өнүгүүлөрдүн кыйырында улуттук милдет турат:

- Бүгүнкү күндүн кыйынчылыктарын да татыктуу жеңе билип, эртең элибиз, мамлекетибиз кантет – мына ушул жөнүндө ойлонушубуз керек. Улуттук милдет жөнүндө ойлонушубуз керек.

Улуу жазуучунун 80 жылдык мааракесине арналып, учурда Бишкекте катарынан бир топ эл аралык маданий иш-чаралар болуп өттү. Экинчи Ысык-Көл кинофестивалы, “Диалог-ЕроАзия” платформасына, ТүркСОЙго кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу, эл аралык “Арт-Ордо” театралдык фестивалы, “Айтматов жана бүгүнкү доор” аттуу эл аралык форум, кыргыз-казак интеллигенциясынын жолугушуусу жана башкалар.

Эл аралык “Диалог-ЕвроАзия” платформасынын президенти, академик Растислав Рыбаков форумдун “Айтматов жана бүгүнкү доор” деп аталышына анча ичи чыга бербегенин ортого салды:

- Форумдун “Айтматов жана бүгүнкү доор” деп аталышына ичим чыга бербеди. Анткени Айтматов адамзаттын бардык доорунун жазуучусу. Биз анын космостук жазуучу экенин да жакшы аңдабагандай болдук. Улуу жазуучу жер менен космостун ортосунда элчидей милдет аткарды десем болот. Ал космосту эле жазып отуруп албай, жердин тирлигин да жазды.

Чолпон-Атада өткөн эл аралык экинчи Ысык-Көл кинофестивалына Голливуддун жылдыздарынын бири, атактуу киноактер Марк Дакаскас катышты. Марк Дакаскас келечекте Кыргызстан тууралу фильм тарткысы келет жана Айтматовдун чыгармасы боюнча жазылган кинотасмага тартылууну каалайт:

- Менин Кыргызстанга биринчи келишим. Мага Кыргызстан жакты. Айтматовдун кинотасмалары укмуш экен. Ысык-Көл жөнүндө айтсам, абдан кооз. Суук болсо да, Ысык-Көлгө түштүм. Мен Кыргызстанга дагы келем деп ойлойм жана кыргыз элинин маданияты тууралу кино тартам.

Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлигинин чет өлкөлөр менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдавлет Нурмамат уулу бүгүн 26-октябрда Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналган бир канча эл аралык маданий иш-чараларды камтыган декада Улуттук филармонияда жыйынтыкталарын билдирди:

- Декаданын жабылышы кечки саат 18 де улуттук филармонияда башталат. Мында Эл аралык театралдык фестивалдын жана Экинчи Ысык-Көл кинофестивалынын жеңүүчүлөрү белгиленип, аларга сыйлыктар тапшырылат. Ошондой ТүркСОЙ уюму тарабынан уюмдун сыйлыгы жана он беш миң доллар акчалай сыйлыгы Айтматовдун үй-бүлөсүнө тапшырылат.

Улуу жазуучунун 80 жылдык мааракесине арналган мааракелик иш чаралар эми залкардын туулуп өскөн жери Таласта уланмакчы.
XS
SM
MD
LG