Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

IMFтен Украина миллиарддаган насыя алат


Эл аралык валюта фондусу Украинага 16,5 миллиард доллар насыя берет. Каражат өлкөдө экономикалык жана финансылык стабилдүүлүктү камсыз кылууга сарпталат. Насыянын шарттарын тараптар макулдашканын фонддун башкаруучу директору Доминик Стросс-Кан бышыктады.

Украинага ажыратылган насыянын өлчөмү өлкөнүн фонддогу үлүшүнөн 800 процентке көптүк кылат. Документте айтылгандай, украин бийликтери кабыл алган иш-чаралар экономикалык жана финансылык стабилдүүлүктү сактап калууга, тышкы факторлордун таасирин азайтууга, инфляциянын деңгээлин төмөндөтүүгө арналган. Программа ошондой эле өндүрүштүн кескин төмөндөшүн ооздуктап калууга тийиш, жеке чарбалар менен корпорациялардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтиши керек.

Финансылык кризис Украинага бир топ салакасын тийгизди. Улуттук валютанын куну долларга алып эсептегенде 20 процентке арзандады. Өлкөнүн кредиттик көрсөткүчү терс жагына өзгөрдү. Мындан тышкары Украина мурда алган карыздарын кайтарышы керек: быйыл жыл этегине чейин аласачыларга 8,8 миллиард, эмдиги жылы дагы 15 миллиард доллар акча төлөп берүүгө тийиш. Айрым аналитиктердин эсептеринде өлкөнүн бүткүл тышкы карызы азыркы дефицит менен бирге 55-65 миллиард долларга жетти.

IMFтин насыясы Украинага эки жылдык мөөнөткө берилет жана анын айрым шарттары бар. Баарыдан мурда өкмөт банк тармагын колдоого алган кадамдарды жасашы керек, жоон топ мыйзам актыларын кабыл алууга тийиш. Өткөн аптанын башталышында премьер-министр Юлия Тимошенко өкмөт менен фонд өз ара чаралардын 90 проценттин макулдашып бүткөнүн айткан эле. Программаны эми валюта фондусунун Директорлор кеңеши жактырышы керек.

Киевдеги экономикалык изилдөөлөр жана саясий консультациялар институтунун директору Игор Буракинский өлкөдөгү саясий кризис экономикадагы кризисти чечкенге олуттуу кедергисин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт. Азырынча өкмөт менен улуттук коопсуздук жана коргоо Кеңеши даярдаган бир нече документ гана бар, кризиске каршы чаралардын топтомун караган мыйзам актылары иштелип чыга элек, алар сунуш кылынган күндө да президент таркатып жиберген парламент аларды жакын аралыкта толук кабыл алып үлгүрө албайт болуу керек.

Стросс-Кан Украинага ажыратылган насыянын мынчалык чоң өлчөмүн дүйнөдө экономикалык жана финансылык стабилдүүлүктү сактоо үчүн чечкиндүү чараларды көргөнгө фонддун даяр экенин ырастаган далил катары түшүндүрдү. Финансылык бул уюмдун жаңы озуйпа-орду тууралуу сунуштар 15-ноябрда Вашингтондо болгону жаткан саммитте талкууланмакчы. Жекшемби күнү фонд менен Венгрия финансылык жардам программасын макулдашты. Исландияга да фонд төрт миллиард доллар насыя бөлгөнгө даяр экенин билдирди. Булардан тышкары азыр Пакистан жана Белоруссия фонддон жардам сурап, анын шарттары тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бул учурда Азиядагы фонд биржаларында негизги индекстер кайрадан төмөндөп кетти. Японияда соңку чейрек кылымдан бери боло элек эң төмөнкү көрсөткүч катталды. Өкмөттүн премьери Таро Асо финансы мекеме башчыларын чогултуп, эгер олуттуу чаралар көрүлбөсө фонд рыноктору экономикага реалдуу зыян келтире турганын эскертти.

XS
SM
MD
LG