Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Украина: Верховна Рада антикризистик чараларды талкуулоодо


Украин парламенти Эларалык валюта кору бере турган насыя боюнча талкуу өткөрүүдө. 26-октябрда шардана кылынган план парламент маанилүү финансылык реформаларды кабыл алганда гана ишке ашырылмакчы.

Эларалык валюта кору глобалдуу экономикалык кризистин шартында Украинага жардам иретинде 16,5 миллиард доллар насыя берүүнү чечти. Кризис өлкөнүн экспортуна, биржа, банктарына, улуттук валютасына залакасын тийгизүүгө үлгүрдү.

Фонддун аткаруучу директору Доминик Стросс-Кандын айтымында, келээрки 2 жылга эсептелген куткаруу пакети Украин компанияларын жана элди экмономиканын начарлашынан коргоого багытталган. Бирок жардам Украин парламенти кризиске каршы чараларды бекиткенде гана берилет.

Эларалык институт бул шартты шардана кылган эмес. Бирок эксперттер чиновниктердин маянасы, пенсия төлөмдөрү, энергия, жарык, газ үчүн берилген субсидиялар кыскартылышы ыктымал дешүүдө. Андан тышкары салыктардын көбөйтүлүшүн, керосин, алкоголь ичимдиктери менен тамекинин кымбатташын күтсө болот. Кыскасы, депутаттарга өтө популярдуу эмес чара көрүүгө туура келчүдөй.

Дүйшөмбүдө президент Виктор Ющенко мыйзам чыгаруучуларды пикир келишпестиктерди мындай коюп, реформалар пакетин тезирээк жактырууга үндөгөн.

Буга карабай, премьер-министр Юлия Тимошенкого лоялдуу депутаттар дүйшөмбү күнкү сессияда добуш берүүнү кийинкиге жылдырууну талап кылышты. Алар Валюта корунун насыясына байланышкан маселе парламенттик шайлоону финансылоо жөнүндөгү мыйзам долбооруна чейин каралсын деген талабын коюшту.

Президенттин парламенттик шайлоону ушул декабрда өткөрүү демилгесине өкмөт башчы Тимошенко карама каршы болууда. Саясий күрөш антикризистик мыйзамдын жактырылышы оңой-олтоң болбой турганынан кабар берет.

Экономикалык жана саясий сурамжылоо институтунун директору Игорь Бурякивскидин ырастоосунда, украин жетекчилиги андай стратегиянын үстүнөн иштей элек.

- Документ түрүндөгү план, мыйзам чыгаруу органында колдоого ээ боло тургандай мыйзам долбоору жөнүндө сөз кылсак, андай план жок. Өкмөт тарабынан жана президент жетектеген Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши иштеп чыккан өз өзүнчө документтер гана бар.

Бурякивски ушу тапта парламентке кеминде 6 долбоор сунушталганын айтат. Валюта корунун жардамы финансылык кризиске туруштук берүүдө Украина үчүн өтө маанилүү.

Сентябрда өлкөдө инфляциянын деңгээли 16 процентти түздү. Улуттук валюта – гривна улам арзандоодо.

Украина тапкан валютанын 40 проценти болоттун экспортунан түшөт. Дүйнөлүк экономикадагы кыйынчылыктардан улам, талап азайып, Украинадагы айрым металлургиялык заводдордун иши жайлап калды, кээ бирлери болсо токтоп турат. Анын үстүнө Россия мындан ары Украинага газ дүйнөлүк баага сатылат деп эскертип келатат.

Эларалык валюта кору буга чейин Исландия менен Венгрияга карыз берээрин жарыялаган. Насыя берүү сүйлөшүүлөрү Беларусь, Пакистан өкмөттөрү менен жүрүүдө. Адистердин айтымында, кезекте Румыния, Эстония, Латвия жана Болгария турат.

XS
SM
MD
LG