Мындай пикирин “Азаттыкка” ишкер Өмүрбек Абдыракманов 29-октябрь - Бүткүл Союздук Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзунун уюшулган күнүнө байланыштырып айтты. Бүгүн Бишкекте комсомолдук мурдагы жетекчилер атайын иш чара уюштуруп, бул күндү белгилегени жатышат. Ишкер жана мурдагы комсомол Өмүрбек Абдыракманов мындай иш чаранын уюштурулушун Кыргызстандын тоталитардык коомдун психологиясы менен жашап жаткандыгынын айкын далили деп эсептейт. (BuS)