Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Адахан Мадумаров жоголгондорду табуу чараларын күчөтүүнү талап кылды


Жогорку Кеңештин депутаты Рустам Шаботоевди, ЖК депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактыяр Амиражановду издөө боюнча күч бийлик башчылары Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровго маалымат беришти. Мадумаров жоголгондорду табуу чараларын күчөтүүнү баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевден, ИИМ Молдомуса Конгантиевден, Коопсуздук комитетинин төрага орун басары Рустам Мамасадыковдон талап кылды. Ушул эле жыйында Орозо айтта болгон Ноокат окуясын тергөө жүрүшү талкууланды. Мадумаровдун айтымында, президент Курманбек Бакиев телефон аркылуу сүйлөшүүдө бул ишти мыйзамдан кыйшаюусуз териштирүүнү талап кылган. Катчы ошондой эле тергөө аяктап калганын, иш жакынкы күндөрү сотко өткөрүлөрүн маалымдады. Ноокаттын райондук мамлекеттик администрациясынын алдында баш аламандыкты уюштурду деп 32 киши кармалып, камакка алынган. (BuS)

XS
SM
MD
LG