Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:57

Сатыктагы энергетикалык ишканалардын баалары аныкталды


Мамлекеттик мүлк комитетинин башчысы Турсун Турдумамбетовдун бүгүнкү өкмөт жыйынында билдиргенине караганда, сатууга даярдалып жаткан “Түндүк электр” ишканасы 4 млрд. сомдон, Бишкек жылуулук тармагы 2 млрд. сомдон, Бишкек жылуулук борбору (ТЭЦ) 11 млрд. сомдон ашыкка бааланууда. Бул үч ишкананын береселерин кошкондо жалпы сатуу наркы 1 млрд. долларга жакындап барат. Муну атайын комиссия аныктады. Ишканалар тендер аркылуу сатылат жана аны сатып алуучу компаниянын уставдык капиталы 100 млн. доллардан кем болбошу керек. Турдумамбетовдун айтымында ишканаларды сатуу мөөнөтү эки ай аралыгында аныкталат. Аталган үч ишкананын 85% акциясы мамлекеттин карамагында. (BuS)

XS
SM
MD
LG