Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Барак Обаманын АКШ президенти болуусун каалагандар көбөйүүдө


АКШ президенттигине талапкер Барак Обама Виржиния штатында атаандашы Жон МакКейнге караганда бир кыйла популярдуу экенин Washington Post гезити өткөргөн соңку сурамжылоо көрсөттү.

Президент Буштун экономикалык саясатынын натыйжасы жана шайлоочулардын МакКейн вице-президенттикке тандаган Сара Пэйлинден көңүлү калуусу да республикачыл МакКейндин Виржиниядагы тарапкерлерин жоготуусуна себеп болгон. Акыркы изилдөөлөргө караганда, 9 миллион чамалуу испан тилдүү шайлоочулардын 60 проценттен көбү Обама үчүн добуш берет.

Республикачыл талапкер Жон МакКейн Виржиния штатында демократ Барак Обамадай популярдуу эмес. Президенттик шайлоого бир жума калаганда, Washington Post гезити менен ABC news телеканалы чогуу өткөргөн изилдөөгө караганда, Обаманы виржиниялык шайлоочулардын 52 проценти, ал эми МакКейнди 44 проценти колдойт. Өткөн айда ажырым үч гана процент болчу.

1964-жылдан бери Демократтык партиянын жолу болбой жүргөн бул штаттагы Обаманын ийгилиги - анын шайлоо штабынын ишти мыкты уюштурганында деп жазат «Вашингтон Пост».

Тактап айтканда, Обама виржиниялык 5 миллион шайлоочуга жетүү үчүн штатта 50 кеңсе ачкан. Штабдын 250 кызматкери жана миңдеген ыктыярдуулар үймө-үй кыдырып, шайлоочуларды Обама үчүн добуш берүүгө чакырган. Сурамжыланган шайлоочулардын теңинен көбү Обаманын штабынан кимдир бирөө менен кездешкенин, же почта аркылуу кат, болбосо чөнтөк телефонуна СМС алганын айткан.

Түндүк Виржинияда Обаманы шайлоочулардын 60 проценттен ашыгы колодойт. 2005-2006-жылдары Демпартиянын мүчөлөрү Тим Кэйн губернатор жана Жэймс Вебб сенатор шайланганда да, алар мынчалык чоң колдоого ээ болушпаган.

Он беш жылдан ашык убакыттан бери Вашингтондо жашаган Жумгал Өмүралиев Обаманын популярдуулугу элдин Республикачыл президент Жорж Буштун 8 жылдык башкаруусунан көңүлү калганын да күбөлөйт деген пикирде:

- Менин пикирим боюнча, Барак Обама Американын жаңы муунунун өкүлү катары чыгып жатат. 2000-жылдан бүгүнгө чейин республикачылар бийликте. Эл алардан тажады. Себеби, бийликте өзүнүн кастасы бар. Алсак, бийликте Жорж Бушка чейин анын атасы, аларга жакын чөйрө турду. Алар аскерий өнөр жай комплексинин адамдары.

Серпчилердин айтымында, АКШнын экономикасындагы кыйынчылыктар, Жорж Буштун төмөнкү рейтиңи, республикачылар вице-президенттикке сунуш кылган Сара Пэйлинге болгон ишенбөөчүлүктүн өсүүсү да МакКейнге абийир алып келген жок.

Барак Обаманы 9 миллион чамалуу испан тилдүү шайлоочулардын үчтөн экиси, Жон МаКейнди 23 проценти колдогонун Испан борборунун изилдөөсү көрсөттү.

Жорж Буш 2004-жылы кайра президент шайланганда аны испан тилдүү шайлоочулардын 44 проценти гана колдогон.

XS
SM
MD
LG