Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Жарык өчүп жатат... Жашоо өтүп жатат...


Кыргызстандагы маалымат каражаттары атка минерлер элди акыры карточкалык системага алып барып олтургузганы калды деп сынга алышууда.

Жылуулук сезону 1-ноябрдан башталарын маалымдаган “Дело №...” гезити, ушу тапта кыжырданган эл баарына даяр болгондон башкага аргасы жок турганын, анткени атка минерлер өз калкын бүгүнкү карайлаган күнгө такап туруп, “Түндүкэлектро” стансаларын, “Бишкекжылуулук түйүнүн” жана ТЭЦтин мүлкүн сатыкка койгону калганын, аларды сатуу маселеси өкмөттө бүгүн талкууга алынганы жатканын маалымдап, ошол эле учурда Кара-Балта шаарынын төмөнкү бөлүгүндө суткасына 17 саат бою жарык өчүрүлүп, суу чыкпай жатканын кошумчалады.

Ошентип Кыргызстанда электрэнергиясын пайдалануу аябай эле кыскарды. Бирок эл башкаргандар энергокризиске карабастан өлкөнүн ички дүң продукциясынын алгалап өсүп атканын айтып түгөталбай келатат. Атка минерлер кыргызстандыктарды акыры карточкалык системага алып барып олтургузганы калды деп сөз кылды “Энергоимпериянын дагы бир соккусу” деген макаласы аркылуу. Гезит ушул эле биринчи бетине энергетика министри С. Балкыбековдун “Сен дагы эле жарык менен олтурасыңбы!” деп сөөмөй кезеп кекеткен сөзүн сүрөтү менен басты.

Гезит ички бетине өлкөдөгү энергетикалык кризис абалынын себептерин аныктоо үчүн парламенттик комиссия түзгөнгө каршы болгон “акжолчу” депутаттардын тизмесин жарыя кылды. Гезит дал ушул тармакты талакалап жаткан себеп-энергомафиядагы коррупция экендигин, электр энергиясын мурда Айдар Акаев соруп келсе, азыр Максим Бакиев соруп жатат деген айың сөздөр эл арасында басылбай келатканын, атаганат парламенттик комиссия түзүлгөндө жок дегенде мына ушул айыңдын чын-төгүнү аныкталбайт беле деп жазды. Эми бир гана жол - калайык калк биригип элдик кыймыл түзүп, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген айбанчылыкка чек коюудан башка айла калган жок деп жыйынтыктады.

“Кыш суук болот”. Орусиянын метеорологдору менен климатологдору ушинтип айтып атса, Кыргызгидромет унчукпай олтурганын сынга алган гезит, бул уюмга телефон чалып, ал жактан “Биз мындай узак мөөнөткө прогноз бере албайбыз” деген жооп алганын белгилеп, бүгүн Кыргызстанда жадагалса алдыдагы аба-ырайын сурап алуу үчүн да акча төлөшүң керек, айла кеткенде өз өлкөңдөгү маалыматты өзүбүздөн эмес, башка өлкөлөрдөн угууга аргасыз болосуң деп жазды.

Дүйнөлүк кризис ушул эле “Дело №...” гезитинин көңүл сыртанан да четте калган жок. Кризис Жер шарын будуң-чаң түшүрүп келатат. Ар кайсыл маалымат булактары боюнча АКШда эле 15 банк банкротко учурады. Коңшу Казакстандын президенти бул проблемалардын кесепеттерин алдын алуу боюнча улуттук фонд эсебинен өкмөтүнө 10 млрд. доллар бөлдү деп кабарлаган басылма Кыргызстандын Улуттук Банкынын орунбасар төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин айтымында, дүйнөлүк кризисттин эпкини Кыргызстанга анча тийген эмес, анткени Кыргызстан Орусия менен Казакстан өлкөлөрүндөй финансы жактан кудуреттүү эмес өлкө. Бирок Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орунбасары Айдар Мокенов мындай пикирге макул эмес. Анын ою боюнча Кыргызстан финансы кризисине эбак эле кабылган. Анын мисалын доллардын күн санап өсүп жатканынан да байкаса болот. Көз карандысыз эксперт Уран Абдынасаровдун айтымында, эми мындан ары байлар дагы байыйт, жакырлар дагы жакырланат. Эксперттин эсебинде кыргызстандыктардын 80 пайызы 5 миң сомдон ашык акча таппайт. Демек эл башкасын мындай кой, тапкан-ташыганын тамак-ашка жеткире албай азап тартат. Ошентип деп жыйынтыктайт гезит, эксперттердин болжолу боюнча Кыргызстанда эми үйлөр арзандайт. Казак ишкерлери капиталдары менен өз өлкөсүнө кетип жатканы дагы Кыргызстандагы элиталык курулушка терс таасирин тийгизет. Курулуш материалдарынын баасы түшөт. Анткен менен тамак-аш азык-түлүктөрү менен дары-дармектердин баасы кымбаттосун дагы эле улантып жатат дейт гезит.

“Московский комомолец Кыргызстан” гезити Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин карамагындагы өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин адистери Кытайдан келген ундун арасында адамдын ден соолгуна зыян келтирчү коңуз бар экенин, Кыргызстандын матрезервдер агенттиги дал ушундай ундан 5 миң тонна сатып алганын, копров коңузу деп аталган зыянкечи бар ун башка өлкөлөргө экспорттоого тыюу салынарын, болбосо мындай ун кампалардагы бардык унду бузуп жок кыларын кеп кылды. Бирок Кытай элчилиги таза деген менен Казакстан жана Кыргызстан биригип экспертизалаган документтердин аныктыгы шектендирип жатат деп кулак кагыш кылган гезит Кыргызстандын финполициясы бул боюнча кылмыш ишин козгогонун да кошумчалады.

Ушул эле гезит өз алдынчалыкка ээ болгон күндөн тартып Казакстан менен Кыргызстан социалдык-экономикалык, коомдук-саясый жана рухий-ыймандык жагынан көптөгөн окшош проблемаларга тушукканын, анткен менен Казакстанда бүгүн коомду өнуктүрүү боюнча айкын, казак калкынын шаасын көтөргөн программалар иштеп атканын, казак мамлекети дүйнөдөгү өнүккөн 50 өлкөнүн катарына кирүү үчүн амбициялык максатты туу тутуп баратканын да жазды.

XS
SM
MD
LG