Линктер

бейшемби, 24-август, 2017 Бишкек убактысы 10:55

Жаңы салык кодекси тууралуу түшүндүрүү иштери жүрөт


Бул тууралуу маалымат жыйынында салыктар жана жыйымдар комитетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, кечээ комитет төрагасы бул тууралуу буйрукка кол койду. Ал боюнча, жылдын аягына дейре республиканын ар кыл аймактарында жаңы салык кодекси тууралуу тегерек үстөл үстүндөгү талкуу, семинарлар өтөт. Ошондой эле салык мыйзамындагы өзгөрүүлөр тууралуу ар бир жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Жаңы салык кодекси 2009-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет.(AiJu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG