Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Президентке министр телефон чалды


Учурда Германияда дарыланып жаткан президент Курманбек Бакиев менен Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүп, министр тармактын иши тууралуу маалымат берди. Президент министрден дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоевди, депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановду издөө аракеттерин күчөтүүнү, маал-маалы менен бул боюнча маалымат берип турууну талап кылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Аталган ишти президент өзү көзөмөлгө алганы мурда маалымдалган. Бул эки адам бир ай мурда эки башка жагдайда жоголгон. Ушул аптада депутат Руслан Шаботоевди таап берүүну талап кылып, анын жердештери эки ирет нааразылык акциясына чыгышты. (BuS)

XS
SM
MD
LG