Мындай пикирин “Азаттыкка” “Мүмкүнчүлүгү чектелен жаштар” уюмунун жетекчиси Мирбек Асангариев билдирди. Ушул тапта мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды иш менен камсыз кылуу үчүн мамлекет эч кандай чараларды көргөн жок. Алар өз күчтөрү менен жумуш табууга мажбур. Майып жаштар арасында программист, компьютердик дизайнер, кийим тигүүчү өңдүү кесиптер популярдуу. М.Асангариевдин айтымында, ал жетектеген уюм мамлекеттен жардам күтпөстөн ар кыл бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды окутуп, аларга иш таап берүү боюнча долбоорлорду ишке киргизген. (AiJu)