Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 08:35

Б.Мамбетов: Өлкөдө газ кризиси болушу мүмкүн


Мындай пикирин “Азаттыкка” суу-энергетика маселелери боюнча эксперт Базарбай Мамбетов билдирди. Анын айтымында, өзбек тарап 1 миң куб метр газдын баасын 300 доллардан да кымбаттатып, же ар кыл себептерди айтып, такыр эле бербей коюшу мүмкүн. Кыргызстан буга даяр турушу зарыл. Серепчинин пикиринде, негизи эле Кыргызстан коңшуларды газдын баасын 300 доллардан да арзан сатууга көндүрсө болмок. Буга мүмкүнчүлүк бар эле. Болгону кыргыз тараптан эч ким өзүбүзгө ыңгайлуу шарттар тууралуу ооз ачпай койду. “Андыктан өзбектер кыргыздарды каалагандай пайдаланууда”,- дейт Б. Мамбетов. Буга чейин Кыргызстан 1 миң куб метр газды 145 доллардан сатып алчу. (AiJu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG