Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:00

«Акыйкат жаштар» кыймылы түзүлдү


Кыймылдын координатору Максатбек Жолдошбековдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бул коомдук уюм жаштардын саясий абалын чындоо жана Кыргызстандын келечегин сактап калуу максатын көздөйт. Кыймыл азыркы бийликке оппозициялык көз карашты тутунат, бирок, оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылына тишеси жок. “Кыймылдын курамында азыр жаштардын 150 демилгечиси иштеп жатат жана уюмдун артында эч кандай саясий күчтөр жок” деп билдирди Жолдошбеков. (BuS)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG