Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Саламаттык сактоо: акча көп, акыбет аз


Жогорку Кеңеште чет өлкөлөрдөн келген гранттарды, кредиттерди жана гумжардамдарды Саламаттык сактоо министрлиги кандай пайдаланганы тууралуу маселе талкууланды.

Парламент чет өлкөлөрдөн келген гранттарды, кредиттерди жана гумжардамдарды Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кандай пайдаланганы тууралуу депутаттардын жумушчу комиссиясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу талкууну улантты. Буга чейин 24-октябрда Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо комитетинин жумушчу тобунун төрайымы, СДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берген. Анда чет өлкөлөрдөн келген гранттарды, кредиттерди, гумжардамдарды пайдаланууда саламаттык сактоо тармагы мыйзам бузууларга баргандыгы тууралуу фактылар келтирилген. Справкада көрсөтүлгөндөй, 2001-2008-жылдарга донордук жардам 10 млрд. сомду түзгөн. Ал эми улуттук «Манас таалими» программасына кредит түрүндө 18,5 млн. доллар каражат бөлүнгөн. 2001-2008-жылдар аралыгында 7 млрд. сомдон ашуун баадагы дары-дармек, медициналык жабдыктар, кийимдер гуманитардык жардам иретинде берилген.

Жумушчу топ саламаттык сактоо тармагы тарабынан жогорудагы каражаттар максатсыз пайдаланылып, медициналык жабдыктарды жана авто унааларды алууда, оорулууларды тамак-аш менен камсыз кылууда мыйзам бузууларга жол берилип, максатсыз пайдаланылган көптөгөн фактыларды мисал келтиришкен.

«Ак жол» фракциясынан парламент депутаты Зиядин Жамалдинов саламаттык сактоо тармагына чет өлкөлүк гранттар, жергиликтүү бюджеттен ири көлөмдөгү акча каражаты бөлүнсө дагы алга жылбаганын, реформа натыйжалуу жыйынтык бербей жатканын айтты:

- Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо министрлигинин өнүккөн бир дагы бөлүмү жок болуп жатат. Мен бир эле мисалды келтирейин, өткөндө авиа кырсыктан каза болгондордун сөөгүн соттук медициналык экспертиза борборуна алып барышканда, ал жерде жада калса муздаткыч дагы иштебейт экен.

СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева болсо чет өлкөлөрдөн гумжардамга келүүчү дары-дармектердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана бөлүнгөн каражаттарды пайдаланууга катуу көзөмөл кылууну сунуштап, ишинен кемчилик кетирген тиешелүү кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу маселесин кабыргасынан койду:

-Мына жумушчу топтун бизге берген маалыматын карап отурсаң саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик сатып алуулар боюнча бир топ оркойгон мыйзам бузуулар бар экен. Керек болсо ал жерде кылмыштар дагы жасалып жатыптыр. Бул боюнча сөзсүз чаралар көрүлүшү керек. Башкы прокуратура бул маселе боюнча иштеш керек. Саламаттык сактоо жаатында көйгөйлөр көп экен.

Кыргызстан коммунисттер фракциясынан Искак Масалиев дагы жумушчу топтун текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматты кабыл алууну, эсеп палатасынын көзөмөлгө алуусун жана Башкы прокуратуранын бул иш боюнча мыйзамдуулугун карап чыгып келерки жылдын 1-январына чейин комитетке маалымат берүүсүн сунуштады.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев гранттар жана гумжардамдар боюнча парламент комитетинин жумушчу тобу бир катар кемчиликтердин бетин ачып, министрликке пайдалуу жардам көрсөткүнүн белгиледи. Анын айтымында, бул боюнча ички аудиттер жана эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп жатат.

Депутаттар бул маселени кызуу талкуудан кийин айтылган сунуштарды эске алып, алымча-кошумчаларды тиешелүү комитетте карап чыгып, парламенттин келерки отурумунда токтом кабыл ала турган болушту.

XS
SM
MD
LG