Табигый кырсыктан 200дөн ашуун адам ажал тапты, жүздөгөнү жарадар болду. Балучистан чөлкөмүндө кечээ орун алган зилзаланын күчү 6,4 баллга жеткени кабарланган. Бийликтин болжолунда 15 миңдей киши үй-жайсыз калды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дары-дармек, башка керектүү нерселерди жөнөткөнүн маалымдады. Германия, АКШ жана бир катар өлкөлөр да гуманитардык жардамын сунуш этишти.